Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк жигитке жубай болгон россиялык Екатерина Кыргызстанда жашагысы келет

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — кыргызга келин болгон Титова Екатерина Ишембиева. Ал атасынын каршылыгына карабастан кыргыз жигити менен баш кошуп, учурда 1 уулду тарбиялап жатканын айтат.

«Мен 2000-жылы Россиядагы Чуваш Республикасынын Новочебоксарск шаарында жарыкка келгем. Атамдын улуту чуваш, апамдын улуту кыргыз. Ири дүкөндөрдүн биринде кампачы (кладовщик) болуп иштечүмүн. Бирок учурда үйдө баламды карап, декреттик өргүүдөмүн. Психолог адистиги боюнча жогорку билимим бар.

Азыркы тапта дүйнөнүн эң түндүк тарабында жайгашкан Норильск шаарында (Красноярск) жашайбыз. Жолдошум Бексултан 28 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Отрадный айылынан болот. Ал мен иштеген дүкөнгө товар жеткирип турчу. Экөөбүз жарым жыл бою кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Сейилдеп, келечек тууралуу сөз кылып, мамилебиз мындан ары кандай өңүттө уланарын талкуулачубуз. Акыры жарандык абалдын актыларын каттоого (ЗАГС) барып, расмий түрдө жубайлар болдук. Муну менен катар нике да кыйдырттык. Үйлөнүү үлпөт тоюн чоң шаң-шөкөт менен өткөргөн жокпуз. Бул экөөбүздүн каалообуз болчу. Ресторандардын биринде жакындарыбыз менен гана белгиледик», — дейт ал.

Екатеринанын айтымында, кайын журту аны жакшы кабыл алышкан.

«Өзгө улуттун жана диндин өкүлүнө турмушка чыгуума апам каршы болгон жок. Бирок атам өзүнүн каршылыгын көрсөтү жүрдү. Убакыттын өтүшү менен күйөө баласын жакындан тааныган соң, боор басып кетти. Азыр экөөнүн мамилеси абдан жакшы. Алгач мени кабыл албай коюшабы деп, болочоктогу кайната жана кайненем менен таанышуудан коркуп жүрдүм. Бактыга карай, алар эч кандай каршылыктарын көрсөтүшкөн жок. Бул жагдай мени таң калтыруу менен бирге сүйүнүчкө бөлөдү.

Кыргыздын каада-салтын карманып, тамактын түрүн жасап, конок күткөндү жактырам. Улуттук ашкана менен такыр тааныш эмес болчумун. Баарын интернет аркылуу карап, жасап жаттым. Ал эми жолдошум даамын татып көрүп, окшошконун же окшошпой калганын айтчу. Муну менен катар ал мага манты түйгөндү үйрөттү. Кыргызстанда бир гана жолу болдум, кышкысын барган болчумун, мага абдан жакты. Жай мезгилинде да баргым келип жүрөт. Тоолору, ажайып кооз табияты мени суктандырбай койгон жок. Биздин 1 жаштагы Денис аттуу уулубуз бар. Келечекте Кыргызстанга барып, жашагыбыз келет», — дейт Екатерина Ишембиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE