Ысык-көлдүк Юлия Лутовинованын сыйкырдуу үндөр дүйнөсүндөгү жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №10 «Жоогазын» бала бакчасынын жетекчиси Юлия Лутовинова «Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси» номинациясында 3-орунду ээледи. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Юлия Лутовинова 1980-жылы 20-июлда Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Балыкчы шаарында туулган.

«Менин жашоом музыкага сугарылган деп сыймыктануу менен айта алам. Бала кезимден бери музыка менин жашоомдо чоң роль ойноду. 3 жашымда «Чолпон» бала бакчасына бара баштагам. Ошол жерден сыйкырдуу үндөр дүйнөсү менен таанышуум башталды. Андан кийин 1-класска №1 Л.Н.Толстой атындагы мектепте билим алдым. Мектептеги окуум менен катар Болот Миңжылкыев атындагы музыкалык мектепте да окуп, фортепианодо ойногонду өздөштүргөм. Жаш кезимден эле музыка менен байланышканымды сезип, билимимди музыка жаатында улантууну чечтим», — деди ал.

1995-жылы Ыбырай Туманов атындагы Каракол музыкалык окуу жайына фортепиано бөлүмүнө киргенден баштап, кесиптик өнүгүүдөгү маанилүү этап башталган.

«Бул окуу жайда мен музыка жаатындагы билимимди жана жөндөмүмдү тереңдетип гана тим болбостон, баалуу тажрыйбага ээ болдум. Окуу процессинде фортепианонун ар бир аккорд, ар бир нотасын мыкты деңгээлде үйрөнүүгө умтулуп жаттым. Окутуучуларым мени музыканы сүйүүгө жана өзүмдү көргөзүүгө шык берип жатышты», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

1999-жылы ал мугалимдик жана концертмейстердик квалификацияга ээ болуп, окуусун ийгиликтүү аяктаган.

«Кийин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын дирижерлук бөлүмүнө тапшырдым. Консерваторияда дирижерлук боюнча теорияны жана практиканы үйрөнүү менен билимимди тереңдеттим. Кесипкөй окутуучулардын жетекчилиги астында вокал, хор практикасы жана музыка теориясын кеңейттим. Консерваторияда 5 жылдык окуу жемиштүү болду. 2004-жылдын июнь айында хордун дирижеру жана окутуучулукка ээ болуп чыктым», — деди Юлия Лутовинова.

Ал 2006-жылы Балыкчыга көчүп келген.

«2006-жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Балыкчы шаарына көчүп кетүүгө мажбур болдум. Ошол жылы мен үчүн эң сонун жыл болду. Анткени балалуу болуп, атын Илья деп баатырдын атынан койдук. Бул учур менин жашоомду өзгөрттү. Ошондуктан, мен ага кам көрүү үчүн музыкалык карьерамды бир азга токтотууну чечтим.

Тыныгуудан кийин 2009-жылдан баштап №1 Л.Н.Толстой атындагы жалпы билим берүү мектебинде музыка мугалими болуп кирдим. Музыкалык мектеп болбосо дагы, мен бул жерден кыялымды орундатууга жана жаш муундардын музыкалык өнүгүүсүнө таасир этүүгө мүмкүнчүлүк таптым.

Мен үчүн бул жөн гана жумуш эмес, жаш таланттарга дем жана таасир этүүгө мүмкүн болот. Ошондой эле өзүмдү тынымсыз өнүктүрүп жатам. Ар дайым жаңы идеяларды, музыкалык билим боюнча жөндөмүмдү кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеп жүрөм.

Мындан тышкары, 2015-жылдан бери №10 «Жоогазын» балдар бакчасында музыкалык жетекчи кызматын да аркалап келем. Бул жерден мен балалык дүйнөгө жана музыканын сыйкыр дүйнөсүнө кирип кеттим. Тарбиячылар менен биргеликте кайталангыс, укмуштуудай майрамдарды уюштурабыз. Ар бир баланын чыгармачылыгын, талантын ачып өнүктүрүүгө умтулам», — деп бөлүштү ал.

Юлия быйыл облустук «Мыкты музыкалык жетекчи» сынагынын жеңүүчүсү болду.

«2024-жылдын май айында Каракол шаарында өткөн облустук сынакка катышуу бактысына ээ болдум. Сынак ар кандай аспектилерди анын ичинде мастер-класс, портфолио түзүүнү жана тест түрүндө практикалык сабактарды камтыды. Мен презентация даярдап, балдар менен иштөө ыкмаларым жана алардын музыкалык жөндөмдөрүн өркүндөтүү ыкмалары менен бөлүштүм. Сынактын жүрүшүндө башка адистер менен тажрыйба алмаштык. Кесиптештеримден алган жаңы идеяларды практикамда колдоно алам деп ойлойм.

Сыйлык тапшыруу аземинде мен 1-орунду ээлегенимди жарыялаганда аябай таң калдым. Бул сыйлык менин ишенимимди гана бекемдебестен, менин ишим маанилүү жана баалуу экенин тастыктады. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн уюштуруучуларга жана бардык катышуучуларга ыраазымын. Бул сынак мени музыкалык жетекчи катары өнүгүүмө чоң түрткү берди», — деди ал.

Ал эми республикалык этапта 3-орунду ээлеген.

«1-3-октябрда Бишкекте республикалык сынак өттү. Бул сынакка ар бир облустун өкүлдөрү катышты. Мен Ысык-Көл облусунун атынан чыкканыма сыймыктандым.

Биринчи күн балдардын психологиясы, педагогика жана бала бакчада окутулган предметтер боюнча тестирлөө болду. Тесттерде музыкага байланыштуу суроолор жоктугуна карабастан, мен бардык кыйынчылыктарга даяр болдум.

2-октябрда өз ишибизди жана портфолиобузду тапшырышыбыз керек болчу. Мен жетишкендиктеримди жана балдарга билим берүү ыкмаларын музыка аркылуу көрсөтүүгө аракет кылдым, бул мен үчүн маанилүү учур болду.

3-октябрда №25 бала бакчадагы балдарга «Ритмдер өлкөсүндө» деген темада мастер-класс өткөрдүм. Сабак укмуштуудай кызыктуу болду. Балдар менин сөздөрүмдү дароо түшүнүп, бардык талаптарымды аткарып беришти. Бул теманы татыктуу ачып бере алдым.

Сынак оңой болгон жок. Анткени мен татыктуу атаандаштарга — мугалим-музыканттарга туш болдум. 3-орунду алып, «Жылдын мыкты мугалими» медалы жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси алганыма кубандым. Бирок сынакка катышканым үчүн диплом же грамота алган жокмун. Бизге 5-октябрь билим берүү кызматкерлерине арналган концертте, дипломдор жана сыйлыктар тапшырылат деп убада беришкен. Аталган иш-чарада да берилбей капа болуп чыктым.

Билим берүүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» сыяктуу олуттуу республикалык сынакка катышкандарга көңүл бурулбай калганы мен үчүн оор болду. 3-орунду маалыматтык сайтта эскерилгендиктен гана далилдей алдым», — деп бөлүштү ал.

Аны колдогон бардык жакындарына ыраазычылык билдирди.

«Кесиптештериме, «Жоогазын» балдар бакчасынын директоруна, уулум Ильяга жана сүйүктүүм Николайга колдоп жатканы үчүн абдан ыраазымын. Мындан ары окутуунун жаңы ыкмаларын издөө менен билимимди тереңдете берем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️