Turmush — Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынын тургуну Турдугүл Мусаева жолдошу экөө баарын нөлдөн баштап, 32 жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишишти. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Турдугүл Мусаева 1969-жылы Барскоон айылында туулган. Бишкек политехникалык институтунун инженер-механик кесибин бүткөн.
«Учурда Бишкекте жолдошум менен турам. Айылга балдарга келип турабыз. Айылдагы коомдук иштерге катышам.
Жолдошум жездем аркылуу мени көрүп, жактырып калган экен. Кийин дагы сүйлөшө албай ала качып кеткен. Ошентип 1992-жылы 23 жашымда турмуш жолуна аттандым. Жакшы мамилеси менен өзүн көрсөтүп, азыр ынтымактуу жашап келе жатабыз. Жолдошум Эрнис 1964-жылы төрөлгөн. Автодорожный техникумун бүткөн.
Үйлөнгөндө биздин өзүбүздүн үйүбүз, оокаттарыбыз болгон эмес. Ошол кезде мен мектепке мугалим болуп орношуп, иштеп жүрдүм.
1993-жылы Эрнис жумушунан кыскартылып, мен декретке чыгып, айласыздан Ошко кайнатам жактан иш издеп, жер которгонбуз. Тууганыбыздын жардамы менен Алайдын Гүлчө айылында №92843 батальонунда кызмат өтөгөнгө жолдошум кирип калды. Анан уулубуз Кубан төрөлүп, 4 жашка чыкканда мен да ошол эле батальонго ишке кирдим. Абдан жакшы кызмат кылдык. Жолдошум экөөбүз тең прапорщик наамын алдык. 1998-жылы Ошко чек ара отрядына которулдук. Ал жерде да абдан жакшы кызмат өтөдүк. 2001-жылы Ошто экинчи балам төрөлгөн», — деди Турдугүл Мусаева.
Кызмат учурундагы кызыктуу окуяларынан бөлүштү.
«Күлкүлүү окуялар болду армияда жүргөндө. Мен СПСте нөөмөттө турганда жолдошум телефон менен башка бир полковник болуп чалып сураса, үнүн тааныбай аябай жооп бергеним эсимде.
2006-жылы кызматтан кеттик. Ошко 2 чемоданыбыз менен эле кеткенбиз, тырышып, акча топтоп, айылыбыздан батирлүү болдук. Тамга айылыбызга келип, кайра мен мектепке орношуп, 2 жылдан кийин өз каалом менен иштен кеттим.
Жолдошум Кумтөргө ишке орношту. Кийин жер алдык чоң үй салдык, бак тиктик, балдарды үйлөндүрдүк. Бардык жашообузду нөлдөн баштап, ынтымакта ийгиликтерге жеттик. Өмүр бою мекенибизге кызмат кылып келдик», — дейт Турдугүл айым.
Жолдошу ар дайым көңүл буруп, ар кандай жерлерге алып барып турат.
«Жолдошум менен чогуу жашаганыбызга 32 жыл болуптур. Жолдошума ыраазымын үйлөнгөндөн бери мага жакшы көңүл бөлөт. Үйлөнгөндөн кийин жумушунан атайын эрте келип киного, концертке алып барчу. Кайненем дагы абдан жакшы киши болгон. Акыркы күндөрү ыраматылык энем менен эже-сиңдидей эле болуп калганбыз. Жолдошум азыркыга чейин «шоколад жакшы көрөт» деп, сөзсүз шоколад ала келет.
Гүл берип көргөн эмес. Башында эле «гүл бербейм, анын ордуна соолубаган, пайдалуу шоколад берем» деген. Балдарга берейин десем «өзүң эле жей бер, далай жолу жешет» деп калат», — деди ал.
Каарманыбыз спорт менен машыгып, ар кандай спорттук иш-чараларга катышып турат.
«Бош убактымда бисер менен өзүмө жаккан нерселерди кылам. Сүрөт тартам, социалдык тармактарга видео жүктөйм, мындайча айтканда көңүлүмө жаккандарды кылам. Бала кыялмын десем болот. Мындан сырткары спорт менен машыгам.
Кызыл-Суу районунда Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата баш байгесине унаа коюлуп, бардык каалоочуларга марафон уюштурулуптур. Аны мен укпай калып, марафон башталарына 1 жума калганда инимен уктум. Анан ал унааны уткум келип, айыл өкмөткө барып катталдым.
Ошол күн келип, Покровкага кечигип бардым. Жан талашып, эл эми 22 километрге чуркаганы жатса баарын аралап, «Токтоп тургула, уюштуруучу ким? Кимден номерди [көкүрөккө тагылуучу спортчунун уникалдуу идентификатору] алам» деп элдин кыжырына тийдим. Элдерди карабасам арасынан элди токтотпой ары кетпейсиңби, жолтоо болбой дегендерди уксам да уюштуруучуларды таап, көкүрөгүмө жерди актап даярдаган акиташтан 4 деген номерди жаздырып катыштым. Атайын таккан номерлер түгөнүп калыптыр.
Ошондо мен биринчи келип, элди таң калтыргам. Бирок унаа эмес эле кир жуучу машина утуп алдым. Мен унаа экен деп ойлоп катышкам. Байгени эч ким билген эмес, баардыгыбыз унаа койду деп катышкан экенбиз», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.