Turmush — Тон районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Темиркан Болотбеков бүркүт менен туристтерге шоу көрсөтөт. Ал мүнүшкөрлүк өнөрдүн сырларын аймактык кабарчыга айтып берди.
Т.Болотбеков 5 жылдан бери куш таптап келет.
«Куш багуу бул — атадан балага өтүп келген өнөр. Чоң атам ителги таптачу экен. Чоң чоң аталарым бүркүт таптаган дешет. Менде да кызыгуу күч болуп, 4 жыл мурда уядан Жебедей деген бүркүттү алдым. Учурда 4 жашта. Аны менен бирге Темучин деген бүркүт жагып калып, аны да алгам», — деди ал.
Темиркан бүркүттөрдүн өзгөчөлүгүн да айтып өттү.
«Бүркүттөрдүн кыялы кудум адамдардыкына окшош. Жаман мүнөздүүлөрү да бар. Ээсине гана көнөт, чоочун кишиге барбайт. Биз уядан алып жатканда да көңүл бурабыз. Кыраандын балдары да кыраан чыгат. Мисалы, майда жандык менен багылган бүркүттүн балдары чоң иштерге жарабайт. Ал эми ата-энеси чоң жандыкты илип, балдарын аны менен тамактандырса, балдары да алгыр, күчтүү болот. Бүркүттү жайкысын күнүнө тамактандырабыз. Ал учурда үйдөгү жылкынын, койдун эти, көбүнчө көгүчкөн менен багабыз. Кышында күн алыс 700 граммдан 1 килограмга чейин эт берип турабыз. Кышында аң уулоого чыгабыз, тапканын гана жейт десек болот», — деди мүнүшкөр.
Анын айтымында, бул өнөргө чет элдик жарандар өтө кызыгат.
«Жайында көлгө эс алууга келген чет элдик жарандар көп. Биз аларга шоу көргөзөбүз. Адамга көнгөн бүркүттөрдүн жанынан көргөн аларга кызыктуу. Эстеликке сүрөткө да түшүп алышат. Биз аларга мүнүшкөрлүк өнөр тууралуу айтып беребиз», — деди Болотбеков.
27 жаштагы мүнүшкөр келечекте чоң мелдештерде күч сынашууга аракет кылып жатканын айтат.
«Салбурун фестивалына катышып жүрөм. Быйыл Нооруз майрамына карата уюшулган иш-чарада 3-орунду багындырдым. Бул жеңиш шыктануумду арттырды. Алдыда дагы чоң мелдештерге катышуу үчүн аракет көрөм», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.