Ысык-көлдүк мугалим Сүйүнгүл Тажиева «Жыл мугалими» сынагынан Дубайга жолдомо утуп алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Өрүктү айылынын И.Бейшембаев орто мектебинин көркөм өнөр жана технология сабактары боюнча мугалими Сүйүнгүл Тажиева «Жыл мугалими-2024» сынагында 2-орунду камсыздап, Дубайга жолдомо утуп алды. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Сүйүнгүл Тажиева 1979-жылы 18-майда Ысык-Көл районунун Өрүктү айылынды туулган.

«Атымды чоң энем койгон экен. Ошол кезде уулу Сүйүнбай 1979-жылдын 1-майында каза болуп калган экен. Мен 1979-жылы 18- майда төрөлдүм. Уулунун урматына менин атымды койгон экен. Атам Кененбай Тажиев, апам Шаарбүбү Жакыпова экөө тең атайы адистик мугалимдери. Талдыкоргандагы Индустриалдык педагогикалык техникумду бүтүрүшкөн. Мен да алардын жолун жолдоп агартуучу адиси болдум», — дейт ал.

Кол өнөрчүлүккө бала кезинен кызыгат.

«Мектепте окуп жургөн кезде эле көптөгөн көргөзмөлөргө, олимпиядаларга, сынактарга катышчумун. 7-классымда кол өнөрчүлүктөн облустук олимпиядага мугалими жок катышып, алтын кен ишканасы койгон байгелүү орунду багынткам. Апамдын шырдак жасай турган кийиздерин сурабай кескилеп, кичинекей балдардын бут кийимин тикчүмүн», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Сүйүнгүл эже 1996-1998 жылдары Бишкек шаарындагы №95 технологиялык лицейин артыкчылык менен бүтүргөн.

«Бычмачы жана тикмечи кесибине ээ болгом. Эмгек жолумду 2006-жылы ийримдерден берип баштадым. Кийин көркөм өнөр жана технология сабактарынан сабак бере баштадым. Мектепке дагы демөөрчү таап, тигүүчү машиналарды алдырып, окуучуларга тиккенди жана бычканды үйрөтүп келем.

Мындан сырткары, балдарга табигый каражаттар менен иштөөнү, жаратылышты сүйүүнү, таштанды желим, кездеме, коробка жана башка материалдарга экинчи жашоо берүүнү үйрөтөм. Бул буюмдарды ыргытып салбастан, аларга экинчи өмүр тартууласак, жаратылышта таштанды да азайып, пайдалуу болот», — дейт мугалим.

«Жыл мугалими-2024» сынагына райондон, облустан жеңип чыгып, республикага жолдомо алган. Аны менен катар «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

«Конкурс 1-октябрда башталды. Биринчи тестирлөө болду. 30 суроодон 3 суроо педагогикалык психология, 3 суроо педагогикалык кырдаалдан чыгуу, 24 суроо предметтик болду. Тесттен 66,7 пайыз алып өттүм. Экинчи күнү Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде 5-класска “Күз боёктору» темасында мастер класс өтүп, 40 балл алдым. Дубайга жолдомо утуп алганымды биринчи укканда абдан сүйүндүм. «Чын элеби?» деп ишенип-ишенбей жаттым», — дейт ал.

18 жылдык мугалимдик эмгек жолунда кызыктуу окуялар көп өткөн. Анын эсинде калганы окуучулары алган билимин турмушта колдонгону болгон.

«Мындан 2-3 жыл мурун мессенджерден тааныш эмес номерден бөлмө гүлдөрүнүн сүрөттөрү келди. Мен сатып жаткан экен деп ойлоп, бааларын сурап жаздым. «Эжей, мен Аделина Кубанычбековамын сиз технология сабагынан гүл өстүргөндү үйрөтпөдүңүз беле. Мен ошондон бери бөлмө гүлдөрүнө кызыгып, өстүрүп жүрөм» деди. Аны окуп алып, абдан кубандым. Гүлдөрү чын эле кооз, жакшы өсүп жатыптыр. Балдар сабактан алган билимин жашоодо колдонуп кеткени мен үчүн сыймык», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Үй-бүлөсү ар тараптан колдоп келерин кошумчалады. Жолдошу Акылбек Абдыкалыков менен 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️