Ысык-көлдүк Мекенбек Осмоналиев чий токуучу, өрмөк өрүүчү станокторду өзү ойлоп тапкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районун Барскоон айылынын тургуну, сүрөтчү Мекенбек Осмоналиев кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Мекенбек Осмоналиев кол өнөрчүлүктү энесинен үйрөнгөн. Апасы Сылый Осмоналиева колунан көөрү төгүлгөн ишмер болгон. Апасына жардамдашып, узчулукту аздектеген Мекенбек Осмоналиев боз үйдү жаңыча жасап, чий токуучу, өрмөк өрүүчү станокторду өзү ойлоп тапкан.

Убакытты кыйла сарамжалдап, унутта калып жаткан өнөрдү аздектеген Мекенбек мырза ала кийизди жасоонун үстүндө 15 жыл изденип, сактап калуу багытында аракеттерди жүргүзгөн. Айыл тургуну бул өнөрдү кийинки муунга жеткирүү, апалар жасаган ала кийизди сактап калуу жаатында өзгөчө күч жумшап келет.

Негизинен ал миңдеген оймолордун автору. Бизге өзү тарабынан ойлоп табылган «Кыял оймо» тууралуу ой бөлүштү.

«Кыял оймонун мааниси бул адамдын башынан өткөн жашоосу. Оймодогу Ак-Кеме Ч.Айтматовдун чыгармасынан алынган. Адам — түшкөн кеме, казандын сүрөтү — адамдын ойлору казанга кайнайт деген түшүнүк. Жол — адам баскан жол, буручтагы 3, 4 бурчтуктар — адамдын жашоосундагы тоскоолдуктар. Ал эми көк түс бийиктик деген маани. Мен өз бийиктигиме жеттим окшойт деп ойлойм», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Мекенбек Осмоналиев Манастын 1000 жылдыгында боз үйдү жаңыча ыкма менен өзгөчө тиккени үчүн баш байгени алган. Бирок сыйлыгы колуна тийбей калганын белгиледи. Ал жасаган боз үйлөр Американын ири шаарларында тигилип турат.

Учурда боз үй, жабдыктарды, өрмөк, чий токуу, ала кийиз жасоо тууралуу мастер-класстарды өткөрүп, жаштарды үйрөтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️