Ысык-көлдүк Элмира Сыдыкова кирешеси чоң, чыгымы аз болгон бүлдүркөн өстүрүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Чок-Тал айылынын тургуну Элмира Сыдыкова дыйканчылык менен алек болуп, бүлдүркөн өстүрүүдө. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 1967-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында төрөлгөм. А.С.Макаренко атындагы мектепти окуп аяктагам.

1988-жылы турмуш жолуна аттанып, Чок-Тал айылына келин болгом. Кара-Балта шаарында тамак-аш өнөр жайы техникумун жана ар кандай курстарды окудум. Учурда үй кожойкесимин, 10 неберем бар.

2 жыл мурун пенсияга чыккам, ошол убакыттан бери бүлдүркөн өстүрүп, быйыл биринчи түшүмүбүздү алып отурабыз. Жолдошум Байбек карап өстүрүп жатат, анын эмгеги чоң десем болот. Көчөт Болгариядан келгендиктен климатка көндүрүш үчүн 1 ай үйдө бактык. Отургузгандан кийин 1 ай ооруду. Бүлдүркөндүн бул түрүнүн аталышы «Black Gem», кыргыз тилине которгондо кара бермет деп аталат. Бүлдүркөн ичеги, тамак сиңирүү, жүрөктүн иштеши, кан айлануу системасына пайдалуу», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Анын айтымында, бүлдүркөн өстүрүүнү жеке бизнес үчүн менен башташкан.

«Ютуб каналдан кулпунай отургузгандарды көрүп, анализдей баштадык. Интернет аркылуу Россиядан да кеңеш алдык. Бүлдүркөн биздин өрөөнгө туура келет экен. Кирешеси чоң, чыгымы аз болгондуктан өстүрүү чечимин кабыл алдык.

Жазында отодук, күнүнө сугарабыз. Тирөөч тургузуп, зым тарттык. Ал чырмалып, өйдө көздөй өсөт. 1,50-2 метр бийик болгондо кыркабыз. Жоон бутагы 40-50 см бийиктикте болуш керек, 1 килограммын 300 сомдон сатабыз. Тоңдурабыз, тоңгон абалынын 500 граммы 300 сом. Быйыл кара моюл (голубика) отургузабыз деп пландап койдук. Көчөтүн таптык», — деди Элмира айым.

Ал келечектеги максаттары менен да бөлүштү.

«Сезон учурунда Чок-Тал айылына боз үй тигебиз, саякатчылар келип эс алышат. Бош убакта эс алам, көлгө түшөм. Той, шерине деген бар, аларга калтырбай барып турам. Жайы-кышы велосипед менен жүрөм.

Келечекте Асман шаарынан батир (үй), кичи наабайкана ачам деген максаттарым бар. Балдарым, неберелерим ыймандуу, ырыс-кешиктүү, турмушта өз жолдорун таап, кыргыз эли сыймыктанган уул-кыздардан болушун каалайм», -деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️