Ысык-көлдүк Барчын Бакытова Кореядагы сүйүүсүн 18 жашында тапкан

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылынын 31 жаштагы тургуну Барчын Бакытова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөм. Токтобай уулу Шамей атындагы орто мектепти 2009-жылы бүтүргөм. Бишкектеги Туризм академиясында 1 курсту аяктап, анан Кореяга кеткем. Жолдошум менен 2010-жылдын 13-ноябрында Кореянын Чангвон шаарында таанышкам. Турмуш жолуна 18 жашымда аттандым. Жолдошум Канатбек Амеджанов 1988-жылы Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында төрөлгөн. Билими орто. Себеби И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуп жатып, Кореяга кетип калган.

Чангвон шаарына бөлөмдүн таанышы жумуш таап берем деп чакырып, анан барып калганбыз. Бөлөмдүн досу жумушунан бошобой, бизди Канатбек тосуп алган. Ал мага 3 күндөн кийин: «Жумуш таптым. Иштейсиңби?» деп чалыптыр. Жашаганга батир, иштегенге жумуш таап коюптур. Корей тилин дагы билчү эмесмин. Күндө жумушума жеткирип, кайра үйгө алып кетчү. Ошентип жүрүп эле ортодо сүйүү пайда болду окшойт. Бирок биринчи жолу бири-бирибизди көргөндө башкача сезимдерге дуушар болгонбуз», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болгондогу эсте калган окуялары менен бөлүштү.

«Экөөбүз жаңыдан үйлөнгөндө «тамак жаса» деп тоок этин алып келчү. Мен экөөбүзгө эле очойто тамак жасап койчумун. Тамактын жарымы калып, эскирип кетет. Алгач үн катпастан жүрдү. Акыры чыдамы кетип: «Экөөбүз эле жашасак, анан бир тоокту салып саласыңбы. Бөлүп эле жасабайсыңбы» деп айтты. Мен ошону дагы туура эмес түшүнүп, таарынып калчумун. Жаш жубайлар үйгө келип калса, дароо ошол окуяны мисал келтирип, күлүп калабыз.

Кореяда жолдошумдун жанында жүргөнүмө байланыштуу тил үйрөнүүдөн жалкоолондум окшойт. Кыздуу болгондон кийин кайын эжемдин үйүндө 1 жума жүрдүм. Жолдошума: «Үйгө барам. Бекетте мени күтүп тур» деп чалган болчумун. Жолдошум макул болгон. Жанагы убадалашкан жерге барсам, жолдошум жок экен. Көрсө, ал мени башка вокзалдан күтүп, анан кетип калыптыр. Үйгө кайсы автобус кетерин билбейм, же тил билбейм. Үй жакта «Бир Сити7» деген чоң имарат бар эле. Автобустан ошол имараттын жазуусун окуп калып, анан үйгө жеткем. Ошол окуядан кийин дароо тил үйрөнүүгө киришкем.

Пример HTML-страницы

Бош убакытта шаарды кыдырып, жаңы ачылган жакшы жерлерге барып тамактанып, сейилдеп келебиз. Учурда 2 уул жана 1 кыздын ата-энесибиз. Келечекке койгон ой-максаттарыбыз көп. Алардын бири — балдарыбызга туура тарбия берүү», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️