Ысык-көлдүк Айнура байкесинин досуна кантип турмушка чыгып калган?

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылынын 33 жаштагы тургуну Айнура Акчубакова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында төрөлгөм. Турмушка 20 жашымда чыктым. Улуу кызымды төрөп, үйдө отуруп калдым. Күндөрдүн биринде ооруканада кезекте отуруп, ак халат кийген медайымдарды көрүп, элге аралашып иштегим келди. Бул жаатта билимим жок болгонуна байланыштуу жолдошум менен кеңешип, И.К.Ахунбаев атындагы медициналык колледжге бардым. Окууну аяктап, Ысык-Көл облустук ооруканасынын неврология бөлүмүндө иштеп калдым. Андан соң билимимди жогорулатуу максатында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алдым», — деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен кантип таанышып калганын айтып берди.

«Жолдошум алысыраак байкемдин досу. Дал ошол байкем экөөбүздүн чогуу түшкөн сүрөтүбүз бар болчу. Анда мен 9-класста окуйт элем. Ошол сүрөттөн мени байкап калып, «бул ким?» деп сураптыр. Байкем «карындашым болот» деп жооп бериптир. Убакыт өтүп, мен студент болуп, жолдошум иштеп жүргөн кези. Бир күнү байкеме байланышып, «Жанагы сүрөттөгү карындашың каякта?» деп сураган экен. Байкемдин күлкүсү келип, кайра мага телефон чалып: «Жакшы бир досум бар. Таанышып көрбөйсүңбү?» деп айткан. Мен каршы болгон жокмун. Бир айга чукул бири-бирибизди көрбөй, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Кийинчерээк экөөбүз жолугуп, кафелерде чогуу тамактанып, жакындан таанышып, анан баш кошконбуз», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу университетте мугалим болуп эмгектенет.

«Жолдошум Эмил Малаев 1980-жылы Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин артыкчылык диплом менен аяктап, ошол эле окуу жайда бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит кафедрасында эмгектенип калган. Азыркы учурда экономика илимдеринин кандидаты, доцент, «Экономика, каржы жана салык салуу» кафедрасынын башчысы.

Пример HTML-страницы

Жолдошум университетте мугалим болгонуна байланыштуу анын кандай сабак өтөрү мага дайыма кызык болчу. Бир күнү эки курбу кызымды ээрчитип алып, сабак өтчү аудиториясын таап, акыркы орунга отуруп алдык. Жолдошум кирип келип, студенттер менен саламдашып, ары карап эле кайра дароо бизди карады. Биз күлкүбүздү токтото албай, араң отурдук. Эч нерсени билдирбей, сабагын баштады. Улам терезе жакты карап, күлкүсү келип, кайра сабагын улантып, тактага жазып түшүндүрүп жатты. Ошол учурда «Доскаңды таза сүрт. Тряпкаңды суулап алчы» деп, телефонуна кат жазып жаттым. Сабак аяктап, артынан чыксак, «Бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?» деп күлгөн», — деди ал.

А.Акчубакова алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Учурда 3 кыздын ата-энесибиз. Улуу кызыбыз 6-класста окуйт, 2 кызыбыз бала бакчага барышат. Жолдошум мээримдүү жана камкор ата. Кыздарым атасын жумуштан чыдамсыздык менен күтүшөт. Эшик тыкылдаса, үчөө тең тизилип алып, аталап кол чаап, мойнуна асылып тосуп алышат. Эч нерседен кем кылбай, бизди багып келе жатат.

Жолдошум менден улуу болгондуктан мени «тун кызым» деп эркелетип, күлүп калат. Кыздарым мал-жандыктарды аябай жакшы көрүшөт. Көчөдө жүргөн күчүк, мышык, жада калса кирпинин балдарынан бери «өлүп калат» деп үйгө көтөрүп келишет.

Келечекте кыздарыбызга татыктуу тарбия, билим берип, уулдуу болсок деген тилегибиз бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️