Ысык-көлдүк айдоочулар Караколдун базарында уюшулган автобекеттин абалына нааразы болууда. Видео

TurmushКаракол шаарынын базарынын ар кайсы жеринде туруп, эл ташыган кичи автобустар үчүн жергиликтүү бийлик «Ак-Тилек» базарында автобекет уюштуруп берген. Бүгүн анын абалына айдоочулар нааразы болууда.

Алардын айтымында, бул жерден кичи автобустар Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондоруна каттайт.

«Бурма-Суу, Челпек, Жон-Булак, Кызыл-Суу, Токтоян, Сары-Тологой, Боз- Булуң, Михайловка, Жети-Өгүз, Жети-Өгүз-курорт, Теплоключенка айылдарына кетчү кичи автобустар турат. Автобекет уюштуруп, бизди көчүрүп жатканда бардык шарттар болот деди эле. Автобекеттин кире бериши жаан, карда сууга толот. Автобекеттин ичи толук цементтелет деп айтылган. Ал дагы ишке ашкан жок», — деди айдоочулар.

Ошондой эле, бул жерде Түп районуна каттай турган таксилер дагы турат.

«Автобекеттин кире беришинде, Жамансариев көчөсүндө токтогонго болбойт деген жол белги бар. Бирок ага карабай, жолдун эки бетине унаалар катары менен токтоп, автобекетке кире албайсың. Ошол жагын да тийиштүү адистер колго алса», — дейт 15 жылдан бери айдоочу болуп эмгектенип келе жаткан Болот Исмаилов.

Аны менен катар жүргүнчүлөр көчүп жатканда бийлик аялдамада отургучтар, күндөн коргоочу чатырлар болорун убадалаганын, айылга кетүүчү унааларды күтүүдө шарттар жок экенин айтышты. Мындан тышкары автобекетте болгону 4 отургуч жайгашканын кошумчалашты.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️