Turmush — Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 26 жаштагы тургуну Арген Дуулатов топоз багып, киреше таап келет. Ал топозду багуу жана этинин пайдалуулугу боюнча айтып берди.
«Мен 1998-жылы жарыкка келгем. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктагам, кесибим боюнча программистмин. Учурда мал-чарбачылык жана дыйканчылык менен алекмин. Акыркы 5 жылдан бери топоз багам. Бул идея кызыгуу жана киреше алып келүүчү жагы менен пайда болгон. Алгач топоздун 10 баш мамалагы менен баштаганбыз. Анан акырындык менен көбөйтүп отуруп, топоздордун санын 50гө жеткирдик.
Аларды багуу көп деле түйшүк тарттырбайт. Жергиликтүү ветеринарларга убагында эмдөөдөн өткөрүп турабыз. Башка малдардан тоют жагынан айырмасы бар. Мисалы, колдон чөп жебейт, кышы-жайы тоодо өзүнүн жанын өзү багат. Ушундан улам жайытты туура тандоо зарыл.
Топоздор жаз мезгилинин март, апрель айында төлдөйт. Бул аралыкта адамдар жакындаса тууттан качып, төлдөбөй коёт. Ошондуктан бул жаныбарлар төлдөп жатканда жанына жакындабастан, дүрбү салып үстүртөн карап жүргөн жакшы», — деди ал.
Анын айтымында, топоздун этинде пайдалуу заттар көп.
«Топоздорду багып, эт багытында сатабыз. Өзүбүз союп, согум кылып жейбиз. Этти килограммдап сатабыз, 1 килограммы 500 сомду түзөт. Суроо-талаптар арбын, анткени уй этине караганда пайдалуу заттар көбүрөөк. Организмдеги зат алмашууну жакшыртып, операциядан кийин бат калыпка келүүгө жардам берет. Аз кандуулук (анемия) менен жабыркагандар үчүн табылгыс азык.
Топоздон сырткары кой жана уй багабыз. Муну менен катар дыйканчылык менен алекпиз. Бош убакытты үй-бүлөм менен өткөргөнгө аракет кылам. Үй-бүлөм тууралуу атсам, үйдүн кенжесимин жана 1 кыздын атасымын. Келечектеги максатым — өзүмдүн асыл тукум мал чарбасын түптөө, топоздун санын көбөйтүү жана кошуна мамлекеттерге топоздун этин экспортко чыгаруу», — деди ал.
Топоздун баласы мамалак, 2 жаштагысы — тай торпок, 3 жаштагысы — кунан, 4 жаштагысы — бышты, 5 жаштагысы — асый деп айтылат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.