Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунда мыкты химик катары таанылган бүтүрүүчү Нураман «Алтын тамгага» ээ болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында 2023-2024-окуу жылында артыкчылык аттестатына талапкерлердин ичинен эки окуучу билимин тастыктай алды. Анын бири — №11 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Нураман Эсенбеков.

Эсенбеков Нураман Рысбекович 2006-жылы 3-ноябрда туулган. Артыкчылык аттестына кандай ээ болгондугуна токтолуп өттү.

«Химия сабагы боюнча олимпиадага барып жүргөндүктөн, билимим жетиштүү болду. Математика жана орус тили сабактарына ЖРТга даярдап жаткан агай-эжелерим жардам берди. Ошондой эле жеке даярдоочу курстарда даярдандым. Мектептеги алган билимим да чоң жардам берди. Тест учурунда эжейлерим теманы жакшы түшүндүргөнүнө ынандым. Анткени алар берген билим тестирлөөдө чоң өбөлгө болду. Орус тил сабагынан эле оорчулук болду. Бирок аракет кылдым», — дейт ал.

Нураман «Алтын тамга» аттестациясына бир ай тынбай даярданган.

«Алтын тамгага» талапкер достор бирге даярдандык. Тестирлөө жакындап калганда досторум менен китепканага көп барып даярдандык. Негедир жалгыз даярдаганда жалкоолонуп, эч нерсе кылгым келчү эмес. Досторум менен даярданып жатканда жоопкерчиликтүү болот экенсиң. Бири-бирибизге дем берип, кеңешип, сырдашып, тамашалашып даярданчубуз. Алардын артыкчылык аттестат алып калганыма чоң салымы бар», — дейт бүтүрүүчү.

Тестирлөөдөн өтүп, артыкчылык аттестатына татыктуу болгондугун алгач апасына сүйүнчүлөгөн. Андан кийин чоң энесине жана таенесине сүйүнчүлөгөнүн айтат.

Н.Эсенбековду облустун билими берүү тармагы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан мыкты химик деп таанышат. Анткени быйылкы предметтик олимпиадада облуста биринчи орунду камсыздаган. Ошондой эле республикада облустун намысын коргоп, экинчи орунду алып келген.

«Химия сабагына 8-класстан баштап кызыгуу башталды. Бул илимге болгон кызыгуумду эжейим жаратты. Ошондон бери эжейим жардам берип, болгон билимин берип келет. Химия сабагы мен үчүн бир чоң аалам, абдан кызыктуу. Биринчи жолу олимпиадага 9-класста катышкам. Кийинки жылы облустук жана республикалык деңгээлге жеттик. Аларда алдыңкы орундарды камсыздай алдым», — дейт ал.

Нураман учурда К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына же Ала-Тоо эл аралык университетине тапшырууну пландоодо. Анда аба майданында жүргүнчүлөрдү көздөгөн жерине жеткирген пилот же ак халат кийип, адамдардын ден соолугуна кам көргөн медик болсом деген кыялдары бар.

Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Эжеси, иниси жана 2 карындашы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE