Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунда дээрлик 4,5 миң окуучу ЖРТга катышып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунда быйылкы 2023-2024-окуу жылында 5057 окуучу 11-классты аяктап жатат.

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун маалыматы боюнча, анын ичинен 4409 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катталган. Облуста быйыл эң көп бүтрүүчү Жети-Өгүз районунда, тактап айтканда 998 окуучу мектепти аяктап жатат. Алардын ичинен 789 бүтүрүүчү ЖРТ тапшырууда.

Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга мурунку 139 бүтүрүүчү катталды.

Билим берүү министрлиги тарабынан ЖРТ 2024-жылдын 18-майынан 25-июнуна чейин пландаштырылган.

— I этап — 2024-жылдын 18-19-20-май күндөрү;

— II этап — 2024-жылдын 22-23-24-май күндөрү;

— III этап — жүйөлүү себептер менен ЖРТга катышпай калган бүтүрүүчүлөр үчүн тестирлөө 21-22-23-июнь күндөрү өтөт.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунан быйыл «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга 202 окуучу табыштама өткөргөн. Алардын ичинен тестирлөөдөн өз ыктыяры менен 6 окуучу баш тартты. Тестирлөөдөн кийин аппеляцияга бергендер да бар. Алардын жыйынтыгы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE