Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунда 4 күн ичинде жол эрежелерин бузган 501 айдоочу аныкталды

Акыркы жанылыктар

Turmush Ысык-Көлдө жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында «Ылдамдык», «Бахус», «Жөө жүрүүчү» аталышындагы 3 рейддик иш-чара жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 4 күн ичинде Ысык-Көл облусунун аймагында жол эрежелерин бузган 501 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 28 айдоочу кармалды жана 45 унаа атайын айып короолорго токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган 271, жол белгилерине баш ийбеген 35, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 13, автоунаа айдоого укугу жок 3, адамдарды ташуу эрежелерин бузган 3, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптарды убагында төлөбөй жүргөн 11 айдоочу жана жолдо жүрүү эрежелерин бузган 29 жөө жүрүүчү болду.

Жол кырсыктарын алдын алууга багытталган бул рейддик иш-чаралар сентябрь айынын аягына чейин күчөтүлгөн тартипте улантылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE