Ысык-Көл милицясы россиялык туристтин жоготуп алган буюмун таап берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын көл жээгинде чет өлкөлүк туристке жардам берилди.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 8-июль күнү Россия Федерациясынын жараны Жети-Өгүз РИИБдин 102 кыска номуруна кайрылып, Жеңиш айылынын көл жээгинде планшети жоголуп кеткендиги тууралуу билдирүү менен кайрылган.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, издөө иштеринин жүрүшүндө жоголгон планшетти тез эле таап беришкен.

Жаран милиция кызматкерлерине тез жана натыйжалуу жооп кайтаргандыгы, ошондой эле өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткаргандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️