Пример HTML-страницы

Ысык-Көлгө келген россиялыктар күтүлбөгөн окуяга туш болушту (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Б.Мамбетов айыл аймагында селге кабылган чет элдик жарандарга куткаруучулар жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-июлда саат 23:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай тилкесинде сел жүргөн.

Көлгө түшүп эс алып, жээкте чатыр менен түнөккө калышкан россиялыктар селге кабылышкан. 11 туристтин кийим-кечелерин, буюмдарын агызган.

Аларга ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулардын ыкчам тобу жардам беришкен.

Туристерди сел жүргөн аймактан аман-эсен Бөкөнбаев айылындагы жатаканалардын бирине жайгаштырышкан.

Эс алуучулардын арасында жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE