Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөн Баткенге келин болгон М.Эркинбаева кайын журтунун брендин төркүнүнө алып келүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Майрам Эркинбаева калаанын борбордук базарында Баткен жергесинин түркүн өрүгүн сатып, алармандардын кызыгуусун арттырууда.

Анын айтымында, «Баткен өрүгү» деген жазууну окуганда, ар бир өтүп жаткан адам токтоп, көңүл буруп калат.

«Башында кызыгып карап калгандарга бекер эле ооз тийгизип жаттым. Алар үйүнө барып, эртеси кайра келип, сатып алып жатышты. Учурда бул өрүктөрдүн даамын издеп келген кардарлар бар. Баткен өрүгү ден соолукка да пайдалуу экени айтылып келет эмеспи. Андыктан «дарыгерлер айтты» деп жүрөк, кан-тамыр, кант оорусунан жапа чеккендер алып кетип жатышат», – деди ал.

Майрам бул жылы Баткен жергесинен 4,5 тонна өрүк алып келген. Анын 1 килограммын 300 сомдон сатууда.

«Негизи жылда мөмө-жемиш сатып келем. Бул жылы облуста өрүк аз болуп, үшүк алып кеткендигинен атайын Баткен шаарына барып, алып келдим», – деди ал.

Майрам Эркинбаева 1964-жылы Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарына келип, башталгыч класстын мугалими адистиги боюнча билим алган. Ал жерден Караколго билим алганы келген болочоктогу жолдошу менен таанышып, баш кошушкан. Жолдошу чийүү, сүрөт тартуу сабагынан, өзү башталгыч класстын мугалими болуп, 1987-1993-жылдары Баткен жергесинде мугалим болуп иштеп келишкен. Андан кийин коңшу Өзбекстан мамлекетинде 8 жыл мугалим болуп, балдарды окутуп келишкен. 2002-жылдан тарта Каракол шаарында жашап, 3 баланы тарбиялап келишет.

«Баткенге келин болуп барганы көп нерсе үйрөндүм. Өрүктү кантип сактоо, кургатуу жолдорун өздөштүрдүм. Мени башында таң калтырганы Баткенде бир дагы өрүк жерде калбай, жыйналып алгандыгы болду. Бардык түшүмдү убагында жыйнап, бир өрүк жерде калбай, барктуу экенин билдим. Ал жакка барган кезде мурдагы тааныштардан, жакшы өрүк өстүргөн дос-туугандан жыйнап келип жатам», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы