Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөн өлгөн малдын эти Бишкек шаарына жөнөтүлүп, өлкөгө тарап жатканы айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАйыл чарба министри Аскар Жаныбеков Ысык-Көл облусунун жетекчилиги менен биргеликте жыйын өткөрдү.

Иш-чарада облустагы мал союучу жайларды заман талабына ылайык иретке келтирүү жана мал-жандыктардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Муну менен катар облустун айыл чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялары жана приоритеттери талкууланып, айыл чарба тармагын колдоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттердин зарылдыгына көңүл бурулду.

Жыйында Ысык-Көл жана Нарын облусунан өлгөн малдын эти Бишкек шаарына жөнөтүлүп, өлкөгө тарап жатканы айтылды. Айыл чарба министри Аскар Жаныбеков калаадагы мал союлуучу жайлар талапка жооп бербей жаткандыгын белгиледи.

«Кантип басып жүрөсүнөр, таӊ калам. Өлүк малдын эти Ысык-Көл жана Нарын облусунан Бишкек шаарына келип жатат. Ал жерден фарш кылып, өлкөгө таратып, түштүккө чейин сары баштыктар менен кетип жатат. Ушуну көзөмөлгө алыш керек», – деди ал.

Учурда Ысык-Көл облусу боюнча толук кандуу иштеп жаткан бир дагы өлгөн малды таштоочу беккари чуңкуру жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX