Turmush — Ысык-Көл районунда мыйзамсыз ок атуучу курал жарактарын сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБге район аймагында азиат түспөлүндөгү жаран өзүнүн кашарында мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүрөт деген ыкчам кабар түшкөн.
Бул факт боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.
Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Сары-Камыш айылынын 1983-жылы туулган тургуну А.А.га тиешелүү Сары-Камыш айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан кашарына тинтүү жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз 1 даана сайлуу ок атуучу курал, 2 даана кош оозду ок атуучу курал, 16 даана 7,62 калибрлүү ок дары, 3 даана 5,45 калибрлүү ок дары, 1 даана 9-мм ок дарысы жана 1 даана жардыруучу затына окшош зат, ошондой эле ар кандай жабдыктар табылган.
Азыркы тапта шектүү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Анын кашарынан алынган заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.