Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү тургун талаада өлүмгө дуушар болгон. Маркумдун айылдашы психиатриялык ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда эки айылдаштын жаңжалынан кийин алардын биринин өмүрү кыйылган. Анын өлүмүнө айыпталган тургун психиатриялык ооруканага жаткырылды.

Айыпталуучу Бакир (аты өзгөртүлдү, Ж.Р.Б.) 1987-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы, мурда соттолгон эмес, эч жерде иштебейт.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, окуя 2023-жылдын 28-августунда саат 13:00 чамасында Түп районунун Арал айылындагы талаада болгон. Бакир агасынын аты менен талаага барып, атты чаап жүргөн учурда айылдашы — Түп районунун 1960-жылы туулган тургуну Аскарга (Ж.И.А.) жолугуп калган. Бакир айылдашына «Атыңды менин беде себилген жериме аркандаптырсың» деп айтканда экөө уруша кеткен. Ал жерден Бакир Аскарды колундагы чапкысы менен башка бир нече жолу чаап, денесине жаракат келтирген. Анын кесепетинен Аскар окуя болгон жерде көз жумган.

  • Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Аскар баш сөөгүнө катуу мокок несенин тийишинен, баш мээнин ачылышынан, денесинен оор жаракат алуусунан каза болгону аныкталган.

Мамлекеттик айыптоочу сот отурмунда тергөө учурунда айыпталуучуга соттук-психиатралык экспертиза дайындалып, эксперттин корутундусу чыкканын билдирди. Анын айтымында, корутундуда айыпталуучу кылмыш жасаганга чейин жана кылмыш жасаган учурда өзүнүн жасаган аракетине жооп бере албагандыгы, анын акыл-эси соо эмес экендиги көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу кылмыш ишти кыскартып, аны Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканага катуу байкоо жүргүзүү менен мажбур иретинде дарыланууга жөнөтүүнү сурады.

Сот отурумунда айыпталуучунун бир тууган агасы инисинин акыл-эси соо эмес экенин көрсөтүп, анын кылмыш ишин кыскартып, психиатриялык ооруканада дарыланууга жөнөтүүнү суранды.

Түп райондук сотунун 2023-жылдын 13-ноябрдагы токтому менен Бакир аталган жосунду акыл-эси соо эмес абалда жасагандыгына байланыштуу кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылды.

Ал катуу тартипте байкоо жүргүзүү менен мажбурлап дарылоо үчүн Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык ооруканага жайгаштырылды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE