Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү келин эркек досунун жардамы менен мурунку жолдошунан кантип өч алган?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу райондук соту автомототранспорт каражаттарын айдап качууга жана башка бирөөнүн мүлкүн жок кылууга айыпталган эки тургундун кылмыш иши боюнча материалдарды карап, 2023-жылдын 14 сентябрында өкүм кабыл алды.

  • Бактыбек (аты өзгөртүлдү, Б.Э.К.) Ак-Суу районунда туулган, билими орто, бойдок, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.
  • Шарипа (аты өзгөртүлдү, Ш.К.Т) Ысык-Көл облусунда туулган, билими орто, ажырашкан, бир кыздын энеси, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Экөө тең Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 216-беренесинин 2-бөлүмү (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен айыпталууда.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, айыпталуучу Шарипа жарандык никедеги мурунку жолдошу Уланбекти (аты өзгөртүлдү, У.Н.Д.) үйүнө чакырган. Жабырлануучу макул болуп автоунаасы менен келип, аны бала бакчанын алдына токтотуп, үйгө кирген. Андан кийин Шарипага дарыланууга деп сураган акчаны берген. Ошол маалда Шарипа Уланбектин көйнөгүн (милиция кызматкерлеринин формасы) акырын чечип, балкондон ыргытып жиберген. Аны айыпталуучу Бактыбек сырттан тосуп алып, жабырлануучунун унаасынын ачкычын алып, автоунааны айдап качкан. Жолдон Шарипаны күтүп, экөө чогуу дөбөгө барышкан. Ал жерден Уланбектин унаасын өрттөп жиберишкен.

Сот отурумунда айыпталуучу Бактыбек күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алып, буларды көрсөттү. Айыпталуучу Шарипа менен окуяга чейин бир ай мурун таанышкан. Шарипа ага телефон чалып: «Күйөөмдүн автоунаасын панорама жакка жеткирип берчи» деп суранган. Саат 09:00 чамасында Шарипа жашаган үйдүн подъездинде күтүп турган. Шарипа ага телефондон «балкондон көйнөк ыргыттым» деген. Ал тротуардан милиционердин көйнөгү жатканын көрүп, ал көйнөктүн төш чөнтөгүнөн автоунаанын ачкычын алып, аны жогору жакка айдап барган.

Шарипа артынан шланг менен 5 литрлик бөтөлкө алып келген. Ал автоунааны дөңсө тарапка айдатып, автоунаадагы күйүүчү майды сордуруп алган. Андан кийин автоунаага чачып баштаган. Бактыбек ага «кой чачпа» дегенине карабай, автоунааны өрттөп салган. Унаа көп өтпөй жарылып кеткен.

Бактыбек жабырлануучуга келтирген материалдык зыяндын ордун толтуруп беришкенин билдирип, үй-бүлөлүк шартын эске алып, ага карата пробациялык көзөмөл колдонуп берүүнү өтүнгөн.

Сот отурумунда айыпталуучу Шарипа күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, буларды көрсөттү. Жабырлануучу Уланбек менен 2021-жылдын ноябрь айында социалдык тармак аркылуу таанышып, жактырып, аны менен жашап жүргөн. Ага боюнда болуп калгандыгы тууралуу айтканда Уланбек үй-бүлө кура албастыгын билдирип, боюнан алдырууну айткан. Шарипа макул болуп, боюнан алдырткан. Арадан убакыт өткөндөн кийин кайрадан боюнда болуп калган. Ал тууралуу айтканда, Уланбек ага үйлөнбөстүгүн билдирген. Ортодо уруш чыгып, жабырлануучунун үстүнөн арыз жазган. Ошондо Уланбек үйлөнөм деп айылына алып барып, нике кыйып жашап башташкан. Кийин боюнан түшүп калганда Бактыбек аны таштап кеткен. Боюнан түшкөндөн кийин ооруп, андан акча сураган.

Ал эми айыпталуучу Бактыбек менен телефон аркылуу таанышып, дос болуп чогуу жүрүшкөн. 9-июль күнү ага жолдошунун автоунаасын панорама тарапка жеткирип берүүнү суранган. Шланг менен бөтөлкөнү алдын ала даярдап катып койгон. Автоунаага күйүүчү май чачып, от койгон учурда жарылуу болгон. Ошондо Шарипага от тийип, чачы, моюну күйгөн.

Айыпталуучу материалдык зыянды төлөп беришкенин көрсөтүп, жеңилдик берүүнү өтүндү.

Сот отурумунда жабырлануучу Уланбек буларды көрсөттү. Ал Шарипа менен эки жыл мурун таанышкан. Нике кыйып, бир жумадай чогуу жашап жүргөндө Шарипа кетип калган. Кийин ал боюнан түшүп калганын айтып, дарыланууга акча сураган. 9-июль күнү «ВАЗ» үлгүсүндөгү автоунаасы менен келген. Шарипа ага үйгө кирүүнү айткан. Үйүнө киргенден кийин Шарипа ага жабышып, көйнөгүн чечип, балкондон ыргытып жиберген. Андан кийин сыртынан бекитип кетип калган. Ортодон эки саат убакыт өткөндөн кийин келген. Жабырлануучу автоунаасы кайда экенин сураганда, ага өрттөп салганын айткан.

Бүгүнкү күндө айыпталуучулар ага келтирген материалдык зыяндын ордун толтуруп беришкенин, дооматы жоктугун көрсөтүп, аларга карата пробациялык көзөмөл колдонууга каршылыгы жоктугун билдирди.

Жыйынтыгында Шарипа менен Бактыбекке карата 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE