Ысык-Көлдө журналист Кубанычбек Тентиев акка моюн сунду

Акыркы жанылыктар

TurmushКубанычбек Тентиев 70 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2024-жылдын 12-ноябрында саат 11:00дө Чолпон-Ата шаарынын Акималиев көчөсүндө (№1) өтөт.

Тентив Кубанычбек Осмонович 1954-жылы 1-майда Нарын облусунун Тянь-Шань районунда төрөлгөн. 1971-жылы Ленин мектебин аяктаган.

1971-1972-жылдары Нарын шаарындагы ДОСААФта билим алып, айдоочу кесибине ээ болгон. 1973-1975-жылдары советтик армияда кызмат өтөгөн. 1977-1993-жылдары КМУнун «Журналистика» факультетин бүтүргөн.

1983-жылы КТРде кабарчы, 1984-жылы Нарын облустук ТВда редактор, 1995-1997-жылдары Ысык-Көл райондук гезитинде кабарчы, 1997-жылы «Балыкчы» геизитинде жооптуу катчы, редактор болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️