Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жоголгон 19 жаштагы кызды Москвадан табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир нече күн мурун 19 жаштагы кыз жоголуп кеткен. Ал Россиянын Москва шаарынан табылды.

Айыл тургундары билдиргендей, Ак-Суу районунун Жолголот айылынын 19 жаштагы тургуну С.К. 2024-жылдын 20-июнунда дайынсыз жоголгон. Ал үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Анын жакындары дайынсыз жоголду деп милицияга кайрылышкан.

Бул маалыматты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктады.

21-июнь күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Жолголот айылынын тургуну Т.Ш. сиңдиси дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде милиция кыздын Россиянын аймагына кеткендигин аныктаган. Маалым болгондой, ал Москва шаарында апасынын жанында.

Кыз эч кандай дооматы жок экенин, анда баары жакшы экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE