Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган автобус көрүстөндүн дубалын сүзгөн. Кырсыктын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Чок-Тал айылында катталган кырсыктын чоо-жайы белгилүү болду.

Ысык-Көл ОИИБ Turmush басылмасына билдиргендей, 2024-жылдын 28-сентябрында саат 05:18 чамасында Ж.А.Ж. аттуу айдоочу «Neoplan» үлгүсүндөгү автобусун Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 51-чакырымында башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, Чок-Тал айылынын мүрзөсүнүн дубалын сүзүп алган. Автобустагы жүргүнчүлөр Ысык-Көл райондук ооруканасына көрүнүп кетишкен.

Аталган ооруканадан кырсыктан улам 4 жаран кайрылып, рентгенге тартылып, дары жаздырып, үйлөрүнөн дарыланууга кеткенин тастыкташты.

Буга чейин Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жүргүнчү ташыган автобустун катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталганы маалымдалган.

Күбөлөр Turmush басылмасына билдиргендей, Каракол—Бишкек каттамындагы автобус бүгүн, 28-сентябрда саат 04:40 чамасында кырсыкка кабылган. Кырсыктан кийин автобустун эшиги ачылбай, терезе сындырганга эч нерсе табылбай, ичин түтүн каптап кеткен.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️