Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө уурулар дубалды тешип, 12 млн сомдук алтынды алып баратканы видеого түшүп калган

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында бир нече уурулукка айыпталып кармалган жаран үй камагына чыккандан кийин кайра уурулукка барганы айтылды.

«Ал күнү уурулар жаныбыздагы сулуулук салонуна кирип, ал жактан дубалды тешип, биздин дүкөнгө киришкен. Анан эки темир эшикти сындырып, 11 624 360 сомдук буюмдарды уурдап кетишкен. Алардын жанында уюлдук телефондун сигналын өчүргөн аппараты болгон. Видеобайкоого таянсак, дүкөндө 40 мүнөттөн ашык болушкан. Алар калдыратып жатканда кошуна келип, эшикти каккылаган. Анда алар качып чыгып, кайра эле 1 мүнөттүн ичинде кайтып келишиптир. Демек эшикте кимдир бирөө байкоодо турган.

Бир шектүү кармалгандан кийин 5,5 млн сомдук буюмдарды кайтарып берди. Учурда 6 млн 450 миӊ сомдук буюмдарым кайтарыла элек. Бул 8 жолу соттолгон адам экен», — дейт дүкөн ээси Жаныбек Касымов.

Бул окуя болгонун Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 16-сентябрында Каракол ШИИБге 48 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. 16-сентябрга караган түнү белгисиз жарандар «Salta gold» дүкөнүнө киришип, алтындан жасалган зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Жабырлануучунун айтымында, уурулукка киргендер болжол менен 12 миллион сомду түзгөн алтын буюмдарын уурдашкан.

Аталган арыз Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын изине түшүп, аны колго түшүрүшкөн. Ал Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылынын (Раздольное) 35 жаштагы тургуну К.С. болуп чыккан.

Каракол шаарынын сотунун чечими менен шектүү жаранга карата тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 1 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

15 күндөн кийин шектүү жарандын жактоочулары тарабынан киргизилген өтүнүчүнөн улам, Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен камакка алуу баш коргоо чарасы үй камагына алуу баш коргоо чарасына өзгөртүлгөн.

2024-жылдын январь айынын аяк ченинде кылмышка шектүү катары жүргөн К.С. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда да уурулук кылып, жабырлануучуга 15 миң доллар жана 130 миң сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилгени белгилүү болгон.

Бул факт боюнча да соттун чечими менен шектүү жаранга карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынганы маалым болгон.

Мындан улам Каракол ШИИБдин тергөө кызматы шектүү К.С. үй камагынын тартибин жана талаптарын аткарбай жаткандыктан, Каракол шаардык сотуна өтүнүч киргизип, соттун чечими менен тергөө мезгилинин жүрүшүндө 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Учурда Каракол шаарынын «Salta gold» зергер дүкөнүндө болгон уурулук фактысы боюнча тергөө амалдары уланууда жана уурдалган алтын буюмдарынын бир бөлүгү табылып, жабырлануучуга кайтарылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE