Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө унааcы менен ашууда калган жарандар куткарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында акыркы күндөрү катары менен кар жаап жатат. Жумушу менен алыскы аймактарга барган жарандардын жолдо калган учурлары болууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жол чарба департаментинин маалыматына ылайык, 16-февраль күнү Каракол—Эңилчек унаа жолунун 38-95-чакырымында кардын көп жаагандыгы жана катуу бороон болуп өткөндүгүнүн кесепетинен жол каттамы жабылган. 17-февраль күнү Эңилчек тараптан келе жаткан унаа Каракол—Эңилчек жолунун 82-чакырымында кар курткүлөрүндө калган.

«Унаадагы Каракол шаарынын 45 жаштагы тургуну жана Ак-Суу районунун 30 жаштагы тургуну ошол жакта жайгашкан биздин пункта 2 күн жашашты. Аларга убагында жылуу жай, тамак-аш берилип турду. Жол ачылып, унаасы менен кошо ылдый жакка аман-эсен түшүрүлдү. Аны менен катар аталган ашууда калган 4-5 жаранга да жардам берилип, баары убагында ылдый түшүрүлдү.

Бул жолдо кар күрткүлөрдүн бийиктиги 1.5-2метрге жетип жатат. Жолдун 46-49-64-76-83-84-85-чакырымдарынан кар көчкүлөр түшкөн дагы кар көчкү түшүү коркунучу бар болууда. Учурда тазалоо иштери улантылып жатат. 2 даана бульдозер унаасы, 1 даана ДТ-75 унаасы тазалоо иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Түп—Кеген жолунда бороон болуп, жолдун 39-76-чакырымдары жана Каркыра — Чаар-Кудук 0-13-чакырымдары тазаланып, жол кыймылынын катышуучуларына эч кандай тоскоолдуктар жок. Аймактарда кар жаап, катуу шамал болуп жатат. Мындан улам кар жолго үйлөп кыймылга тоскоолдук берүү коркунучу болууда. Ал эми Жети-Өгүз районун Сөөк ашууда да бороон болуп жатканы маалымдалды.

Буга чейин кардын калың жааганынан улам Ысык-Көлдөгү лыжа базадан түшүп келе жаткан унаалар тайгаланып жаткан учур видеого түшүп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE