Ысык-Көлдө тойдон кайтып келген Гүлнура айым күтүүсүз окуяга туш болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылынын 39 жаштагы тургуну Гүлнура Ийбакованын турак үйү өрттөнүп кетти. Жолдошу былтыр каза таап, 4 баласы менен калган жалгыз бой энеден аймактык кабарчы кабар алды.

«Окуя 2024-жылдын 20-октябрында саат 15:30 чамасында болгон. Ошол күнү мен тойго идиш жууганы (тойлордо идиш жууп иштеп, балдарын багат) кеткем. Үйгө кайтып келсем, өрттөнүп жатыптыр. Балдарым суу чачыптыр, болбой эле жалындаптыр. Өрттүн келип чыгуусу үйдөгү электр чубалгыларынын чыңалуусунан улам болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр Каракол шаарынан келишти. Документтерибиз калган жок, бардыгы өрттөндү. Жолдошум былтыр каза болуп калган, 3 кыз жана 1 уулум бар. Учурда кайнимдин үйүндө жашап жатабыз», — деди ал.

Гүлнура айымдын 2006-жылы туулган кызы Назима Сыртбаева окуя тууралуу айтып берди.

«Үйгө кирсем, өрт жаңыдан башталып жаткан экен. Кичүү 3 жашар сиңдим уктап жаткан эле, аны алып чыкканга жетиштим. Биз чыккандан кийин от кадимкидей жалындап баштады. Ошентип, үйүбүз толугу менен күйүп кетти», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️