Ысык-Көлдө терминалдардан 1,2 млн сомдон ашык акча уурдалып, 28 жаштагы жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда 2 коммерциялык банктардын терминалдарын сындырып, ичиндеги 1 млн 250 миң 870 сомду уурдап кеткен. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы бүгүн, 15-октябрда билдирди.

Биринчи окуя 2024-жылдын 18-мартында катталып, анда Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылынын 1988-жылы туулган тургуну С.М. кайрылган. Белгисиз бепткапчан адам анын дүкөнүнө таңкы саат 05:00дө арткы эшигин сындырып кирип, 30 миң сом акча каражатын уурдап жана дүкөндөгү терминалды талкалаганга аракет кылып кеткендигин билдирген.

Экинчи окуя 2024-жылдын 2-сентябрында катталып, анда Кара-Коо айылынын 1988-жылы туулган тургуну С.М. кайрадан Тоң РИИБне кайрылган. Түнкү саат 01:00дөн 03:30га чейинки аралыкта белгисиз адам анын дүкөнүнө жашыруун кирип, 10 миң сом акча каражатын кассадан алып, ошондой эле, дүкөндө жайгашкан терминалды талакалап, 436 миң сом акча каражатын уурдаганын билдирген.

Үчүнчү окуя 2024-жылдын 23-сентябрында ктталып, Кара-Коо айылынын 1999-жылы туулган тургуну М.Н. милиция кайрылган. Түн ортосунда белгисиз адам анын дүкөнүнө жашыруун кирип, кассадан 1000 сом уурдап, дүкөндүн ичиндеги терминалды талкалап, ичиндеги 814 миң 870 сомду уурдап кеткендигин билдирген.

Үч учур тең Тоң РИИБи тарабынан КБРге катталып, алардын ар бири боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Пример HTML-страницы

Тоң РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кара-Коо айылынын 1996-жылы туулган тургуну З.К. аттуу шектүүнүн өздүгү аныкталып, колго түшүрүлгөн.

Алдын ала суракта кылмышка шектүү З.К. уурулук фактыларын кылгандыгы боюнча толугу менен мойнуна алган. Тоң райондук соту тарабынан шектүүгө карата 2 ай үй камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️