Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө синтетикалык баңгизаттардын ири партиясы кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл милициясынын кызматкерлери Ысык-Көл облусу боюнча УКМК менен биргеликте синтетикалык баңгизаттардын ири партиясын кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине облустун аймагында белгисиз жарандар баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдап, кийин Бишкек шаарында аларды сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат облустук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жана ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча кесиптештери менен биргеликте шектүү жарандарды аныктоого жетише алышкан. Алар Балыкчы шаарынын 21 жаштагы тургуну А.Н. жана Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын тургуну З.Т. болуп чыгышты. 27-июнь күнү аталга шектүү жарандар Бишкек шаарынын аймагында колго түшүрүлгөн.

Жеке тинтүү жана Бишкек шаарында жашаган жери боюнча кечиктирилгис тинтүү иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан далил зат катары өсүмдүктөрдөн алынган заттар, атайын ингредиенттер, электрондук таразалар, расфасовка кылуу үчүн жабдуулар жана желим баштыктар табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча алынган өсүмдүк заттары “Спайс” жана “Мефедрон” деген ат менен белгилүү болгон психотроптук жана синтетикалык баңги заттарына таандык экенин көрсөттү. Алынган баӊгизатынын жалпы салмагы 2 килограмм 270 граммды түзгөн.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр А.Н. жана З.Т. үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап синтетикалык баңги каражаттарын мыйзамсыз таратуу менен алектенишип келгендигин, андан кийин синтетикалык баңгизаттарды өздөрү даярдап, таратууну чечишкени аныкталган. Бул максатта, алар Бишкек шаарынан батир алып, ал жерден синтетикалык баңги заттарды жасашкан, андан кийин аларды Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында «бомба” (дүң коймо) түрүндө коюшкан. Кийинчерээк, “Телеграмм канал” аркылуу бирден таратуучулар үчүн жашырун коюлган жерлер көрсөтүп келишкен.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында баӊгизаттарынын 638 жашырун коюлган жерлер аныкталып, анда желим баштыктарга салынган өсүмдүктөрдөн алынган заттар алынган.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертиза алынган заттар психотроптук жана синтетикалык баңгизатка таандык экенин жана анын жалпы салмагы 1 килограмм 640 граммды түзгөнүн тастыктады.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, “Жашырун базарда” шектүү А.Н. жана З.Т. алынган бардык синтетикалык баңги каражаттарынын баасы 6 миллион сомдон ашуун түзөт.

Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүүлөргө карата тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE