Turmush — Браконьерлик боюнча рейд учурунда милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар каршылык көрсөтүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-ноябрь күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында Түп айылынын жанындагы көл жээгинде мыйзамсыз балык уулоо учурунда жергиликтүү 2 тургун кармалган.
Далил зат катары алардан 2 үйлөтмө кайык жана 7 даана балык уулоочу торлор алынган. Ошондой эле окуя болгон жерге Түп РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чакырылган.
Түп РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя орун алган жерге баратканда, алардын жолун 5-6 унаа тороп, 10дон ашык жаран милиция кызматкерлерине функционалдык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кыла башташкан.
Мыйзамсыз аракеттерди токтотууну талап кылынганына карабастан, алар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин токтотбостон, оозга алгыс сөздөр менен милиция кызматкерлерин сөгүшүп, активдүү каршылыктарды көрсөтүшкөн.
Бул факт Түп РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган окуянын катышуучулары аныкталып, тергөө кызматына алынып келишкен.
Алар Түп айылынын тургундары – 22 жаштагы Б.Д., 25 жаштагы К.К., 31 жаштагы Т.Н., Ж.Т., Б.Т., 39 жаштагы А.Д., 36 жаштагы И.Р., 29 жаштагы А.У., 36 жаштагы К.М., 35 жаштагы К.Р., 27 жаштагы К.С. жана 30 жаштагы К. Н. болуп чыгышты. Алардын ичинен жетөөсү сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кечиктирилгис тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда кармалган 4 жарандын үйүнөн 28 балык уулоочу торлор, 37 ар кандай түрдөгү балыктар жана 1 үйлөтмө кайык табылып, далил зат катары алынды.
Түп райондук сотунун чечими менен 6 кармалган шектүүгө карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.