Ысык-Көлдө милиция видеосу интернетке тараган өспүрүмдү тапты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында өспүрүм аттракциондун дөңгөлөгүнүн үстүнө чыккан. Окуянын видеосу социалдык тармакка тарап, колдонуучулардын көңүлүн бурду.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, жаш өспүрүм өзүнө «хайп» жана «экстрим» үчүн опурталдуу иштерди жасоону чечкен. Аны үчүн Караколдогу сейил багында жайгашкан авариялык абалдагы айланма дөңгөлөгүнүн кабинасынын чатырына чыгып, видео тарткан.

«Бул видео тез популярдуулукка ээ болуп, көп жолу көрүлгөн. Бирок өспүрүмдүн аракеттери көңүл сыртында калган эмес. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору мындай жүрүм-турумдун мүмкүн болуучу коркунучтарын белгилеп, ыкчам чара көрүштү.

Окуя аныкталгандан кийин дароо өспүрүм табылган. Өспүрүм жана анын расмий өкүлү, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлүнүн катышуусунда мындай аракеттерге байланышкан тобокелдиктер жөнүндө профилактикалык алдын алуу сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери коопсуздуктун жана өз аракеттери үчүн жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бул окуя дагы бир жолу заманбап технологиялар жана популярдуулукка умтулуу кооптуу жагдайларга алып келерин баса белгилейт. Милиция жаштарды виртуалдык атак-даңкка жетүүдөн алыс болуп, өзүн көрсөтүүнүн коопсуз жолдорун табууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️