Ысык-Көлдө милиционердин 12 жаштагы баласы 3 аялды өлүмдөн куткарып калды (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush12 жаштагы Алинур Туратбеков бүгүн, 20-июлда Каракол шаардык пляжына жакын жерде көлгө чөгүп бараткан 3 аялды куткарып калды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, Алинур Тоң РИИБдин башчысынын орун басары, подполковник Мирлан Буканбаевдин жана Ысык-Көл ОИИБдин уюштуруу — тескөөчүлүк бөлүмүнүн улук инспектору Наргиза Осмоналиеванын уулу. Өсүпүрүм самбо күрөшү менен машыгат.

Алинур апасы жана карындаштары менен көл жээкте эс алып жүргөн. Жардам сураган үндөрдү угуп, толкунга туруштук бере албай, чөгө баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга секирип кирген. Ошол маалда 2 аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок көлдүн алдындагы оюктарга туш болушуп, кошо чөгө башташкан. Өспүрүм чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин жээкке жеткире алган.

«Биз уулубуз менен сыймыктанабыз», — деди Алинурдун апасы, милициянын майору Наргиза Осмоналиева.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️