Turmush — Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананын директору Бактыгүл Мырзаева, жолдошу Камчыбек Касымалиев жана небереси Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жол кырсыгына учурап, каза болушту.
Бактыгүл Мырзаева 1956-жылы Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылында, жолдошу Камчыбек Касымалиев Өзгөн районундагы Шералы айылында туулган. Экөө тең жогорку билимге ээ болуп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келишкен.
Бактыгүл Мырзаева алгачкы эмгек жолун китепкана тармагында 1977-жылдан баштап, жалпы 47 жыл үзгүлтүксүз иштеген. 1989-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына директор болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты аркалаган.
Камчыбек Касымалиев өндүрүш тармагында, ишкерлик багытында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууда болгон.
- Turmush басылмасы кечээ, 17-июль күнү Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, адамдар каза болгондугу жөнүндө маалымат социалдык түйүндөрдө тараганын жазган.
Аталган маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
2024-жылдын 17-июль күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүкчөсүнө «112» кызматынан маалымат түшүп, Каракол—Ананьев—Балыкчы унаа жолунун 59-чакырымында кырсык болгондугу билдирилген.
Аталган маалымат райондук милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Алгачкы жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Ош облусунун 68 жаштагы тургуну К.К. өзүнө тиешелүү болгон «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү унаасын чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, Өрнөк айылынын ичинен кайрадан чыгышты көздөй бурулуп жаткан учурда, артынан келе жаткан Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Т.А.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц-210» унаасы менен жол кырсыгына учураганы аныкталган.
Жол кырсыгынын натыйжасында «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу — 68 жаштагы К.К., жанында жүргүнчү болуп бара жаткан 68 жаштагы жубайы М.Б. жана 9 жаштагы небереси М.К. окуя болгон жерден каза болушкан.
«Мерседес-Бенц-210» үлгүсүндөгү унаасынын 20 жаштагы айдоочусу Т.А., жанында жүргүнчү болуп бара жатышкан Бишкек шаарынын тургундары — 23 жаштагы Т.У. жана Ж.А. денелеринен жаракаттарды алышып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылышкан.
Жол кырсыгынын келип чыгышынын жагдайларын аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-техникалык экспертизалар дайындалды.
Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатуу 19-июлда саат 11:00дө Ош шаарында өтөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.