Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө изделип жаткан эки айылдаш кыз. Биринин сөөгү табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-майда бир жумадан бери изделип жаткан эки кыздын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, кыздын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

ӨКМдин облустагы башкармалыгы бул маалыматты тастыктады.

Куткаруучулардын айтымында, учурда Жыргалаң суусуна суучулдар кирип, экинчи кызды издеп жатышат.

Алдын ала маалымат боюнча, 2016-жылы туулган Т.С.Б.нын сөөгү табылган.

————————

2024-жылдын 18-майында Михайловка айылынын Михайловка дачасында Жыргалаң суусуна Михайловка айылынын тургундары — 2017-жылы туулган К.М.Т. жана 2016-жылы туулган Т.С.Б. агып кеткен.

Жергиликтүү тургундар Тurmush басылмасынын кабарчысына окуя тууралуу айтып беришкен.

«Айылдагы 2 кичинекей кыз 18-майда болжол менен саат 16:00 чамасында үйлөрүнөн чыгып кетишкен экен. Алар Жыргалаң суусунун жээгине келип ойношкон. Кыздардын жанында дагы жашы жете элек эки бала болгон экен. Ойноп жатып, суунун жээгине жакын турган кыздар сууга түшүп кетиптир. Сууга агып бара жаткан кыздарды ошол жакта уй кайтарып жүргөн 2006-жылы туулган бала көрүп, бирок куткара албай калгант», — деген алар.

Тургундар суу шар агып, ылайланганына байланыштуу издөө иштерине кыйынчылык жаратып жатканын кошумчалаган.

Кыздар №25 Шевченко атындагы орто мектепте окуп жатышкан. Мугалимдери кыздар сабакты калтырбаган аракетчил окуучу экенин айтышты.

Алардын айтымында, 2017-жылы төрөлгөн К.М. даярдоо классында окуп жаткан. Мүнөзү жоош, кабыл алуусу жакшы, зирек кыз. Үй-бүлөдө 4 бир тууган.

2016-жылы төрөлгөн Т.С. 1-класста окуп жаткан. Ал эки бир туугандын улуусу.

«Жакшы окуган, мүнөзү ачык, жароокер, курбулары менен бат тил табышкан кыз. Ырларды бат жаттап, окууга шыктуу», — деген мугалимдер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE