Ысык-Көлдө Бүткүл дүйнөлүк нан күнү белгиленүүдө. Быйыл облуста буудайдын түшүмдүүлүгү кандай болду?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-октябрь Бүткүл дүйнөлүк нан күнү. Ысык-Көл облусунун билим берүү мекемелеринде бул күндүн урматына иш-чаралар өтүп, нандын улуктугу даңазаланууда.

Маалым болгондой, бул күнгө карата Каракол шаарынын Жолболду уулу Садыр Аке атындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде иш-чара өттү.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, быйыл облус боюнча буудай түшүмдүү болду.

«Облуста дан эгиндери 88 миң 235 гектарга башкача айтканда, буудай 37 миң 670 гектарга, арпа 49 миң 276 гектарга айдалган. Буудайдын түшүмдүүлүгү быйыл жакшы болду. Алсак, гектарына орточо 29 центнерден алынды. Былтыр буудайдын түшүмдүүлүгү орто эсеп менен гектарына 24 центнерден болгон. Арпаныкы гектарына 25 центнер. Былтыр арпанын түшүмү 23 центнерден болгон», — деп билдиришти.

Майрам 2006-жылы Эл аралык наабайчылар жана кондитер-наабайчылар союзунун демилгеси менен түзүлгөн. Ал эми датаны тандоо 1945-жылы 16-октябрында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму ушул күнү түзүлгөндүгүнө байланыштуу. Бул уюм айыл чарбасын жана анын өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Ошондой эле, дагы бир майрам Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш күнү менен да байланыштуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️