Ысык-Көлдө ардагерлер спорттун 4 түрү боюнча күч сынашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда милициянын ардагерлери арасында спорттун 4 түрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара Ысык-Көл ОИИБдин «Динамо» спорт комплексинде кыргыз милициясынын 100 жылдыгына, ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Бороновдун кубогуна арналып уюштурулду.

Мелдеш спорттун төрт түрү: волейбол, стол тенниси, шахмат жана аркан тартыш боюнча өттү. Ага 40 жаштан 83 жашка чейинки 200гө жакын ардагерлер катышып, алардын 150дөн ашыгы спорт аянтчаларына чыгышты.

«Бул иш-чара жөн гана мелдеш эмес, ардагерлер үчүн жолугушуу мүмкүнчүлүгү. Бул маараке биздин кызматтын узак жана даңктуу тарыхын чагылдырат, ошондой эле милициянын коомдогу маанилүү ролун эске салат. Спорт — рухтун, биримдиктин жана командалык аракеттин күчтүү кыймылдаткычы. Бүгүнкү күндө биздин ардагерлер эрдиктин, ишке берилгендиктин жана ар-намыстын үлгүсү болуп келишет», — деди Мурат Боронов.

Кубоктун жыйынтыгы:

Пример HTML-страницы

— 1-командалык орунду Балыкчы шаарынын ардагерлери;

— 2-орунду Каракол шаарынын ардагерлери;

— 3-орунду ОИИБдин ардагерлери ээлешти.

Волейболдо Тоң районунун ардагерлери жеңишке жетишип, 2-орунду ОИИБдин ардагерлери, 3-орунду Балыкчы шаарынын ардагерлери, ал эми 4-орунду Түп районунун ардагерлери багындырды. Иш-чарада шахмат оюну боюнча жеңүүчүлөр жана 1951-жылы туулган Чымыров Турдубек Шаршеналиевич «Эң улуу катышуучу» номинациясы менен сыйланды. Ошондой «Катышуу» сыяктуу наамдар берилди. Аларга медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️