Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө айдоочуларга карата рейд өтүп жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында жол кырсыктардын алдын алуу жана алардын оор кесепеттерине жол бербөө багытындагы рейддик иш-чаралар улантылууда.

Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 26-ноябрдан 2-декабрга чейинки бир апта аралыгында облустун аймагында жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпы 987 айдоочу аныкталды.

Анын ичинен:

— мас абалында автоунаа башкарган 37 айдоочу;

— ылдамдыкты ашырып айдаган 332 айдоочу;

— жол белгилерине баш ийбеген 198 айдоочу;

— автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 15 айдоочу;

— автоунаа айдоого укугу жок 5 айдоочу;

— техникалык кароодон өтпөгөн 3 унаа;

— жолдо жүрүү эрежелерин бузган 8 жөө жүргүнчү болду.

Ошондой эле 65 автоунаа айып короолорго токтотулду.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE