Ысык-Көлдө 6 айлык ымыркай үй-бүлөсүн күтүүсүз кырсыктан сактап калды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Дархан айылынын 53 жаштагы тургуну Бакыт Байсалов учурда үй-бүлөсү менен боз үйдө жашап жатат. Мындан 15 күн мурун, тактап айтканда, 2024-жылдын 30-сентябрь күнү үйү толугу менен өрттөнүп кеткен. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

«Түнкү саат 03:00 чамасында үйдөгү электр чубалгыларынын чыңалуусунан улам өрт чыгып, 2 кабатту үйүбүз очокканасы менен күйүп кетти. Ошол түнү кичинекей 6 айлык балабыз чыңырып ыйлап бизди ойготуп, аман калдык. Бирок үйдөн араң качып чыктык.

Келинчегим кошунаны чакырып келгенде, өрт үйдүн чатырында башталган. Анан өрт өчүрүүчүлөргө чалып, алар 15 мүнөттүн ичинде келишти. Бирок чачкан суусу 10 мүнөттө эле түгөнүп калды. Суу толтуруп, кайра бензин алып келгичекти өрт күч алды. Такыр күчөп баратканда экинчи өрт өчүрүүчү унаасын чакырышып, экөөлөп жатып таң атканга чейин өчүрүштү. Ошентип, үйүбүз толугу менен күйүп кетти.

Күтүлбөй келген кырсык болду. Электр энергиясынан чыккан деп жатышат. 1 сааттын ичинде 10 жылдык эмгек жок болуп кетти. Россияда 10 жыл эмгектенип, маңдай тер менен акча таап, курган үйүбүз. Ошого ич күйүп жаткан маалы. Элден жардам сурайбыз, курулуш материалдарын алышыбыз керек болуп жатат. Төрт балам бар, кыш мезгилине чейин чакан үй куруп, кирип алалы деп жатабыз», — деди ал.

МБанк: 0706805949 (Бакыт Байсалов)

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️