Ысык-Көлдө 477 айым сүт безинин рагына чалдыккан деп шектелип, текшерүүгө жөнөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүткүл дүйнөдө октябрь айы эмчек рагы менен күрөшүү айы болуп саналат. Бул айда аялдарга оору боюнча көбүрөөк маалымат жеткирүү жана эмчек рагын эрте аныктоо менен дарылоонун маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн Ысык-Көл облусунда 1-октябрдан 1-ноябрга чейин 18 жаштан жогорку курактагы бардык аялдарды медициналык кароодон өткөрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун үй бүлөлүк медицина борборунун адиси Нуржан Норузбаеванын айтымында, Ысык-Көл облусу боюнча 18 жаштан жогору 137 245 айым бар. Учурда текшерүүдөн 74 426 айым өттү. Анда кан басымы жогору экенин 3657 айым жаңы билди. Ал эми, сүт безинин рагына шектүүлөр 477 айым аныкталды.

«Алар анализдерди тапшырышты. Толук кандуу изилдөөдөн өтүү үчүн онкологиялык борборго жиберилет. Ден соолук чыңдоо кабинетинин адистери тарабынан айымдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат баракчалары таратылды. УДТ кызматкерлери тарабынан салмагы, бою, курсагынын көлөмү, кандагы кант, холестерин, кан басымдары өлчөнүп жатат.

Ар бир айымды ден соолугуна убагында кам көрүүгө чакырабыз. Анткени ооруну мүмкүн болушунча эрте аныктоо, дарылоонун жыйынтыгын жакшыртууга себепкер болот», — дешти дарыгерлер.

Дүйнө жүзүндөгү статистика боюнча, эмчек рагынын пайда болушуна биринчи генетикалык фактор жана жаш курагы таасир этет. 35-55 жашка чейинки аялдардын арасында эмчек рагына чалдыккандар абдан көп. Аны менен катар, эмчек рагы ашыкча салмак менен жабыркаган, тамеки чеккен, спирт ичимдиктерин көп ичкен жана жаракат алган кишиде пайда болушу мүмкүн. Айрым аялдардын сүт бездери аябай катуу же эстроген гормондору жогору болот. Бул да ооруга өбөлгө болорун дарыгерлер айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️