Ысык-Көлдүн Темир айылында селден жабыркаган тургундарга үй курула баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Темир айылында селден жабыркаган тургундарга 5 үй курула баштады. Бул тууралуу район акими Жапарбек Ормонов билдирди.

«Айрым жерлерде ылай жана таш 1,5 метрге чейин жеткен. Короо-жайды тазалап бүттүк, авариялык абалдагы үйлөр да бар. Үч айылда жалпы 29 үйдүн ичинен 8 үй сел жүрүүчү каналга 90-жылдан бери иретсиз жүргөн саясатта салынып калган экен. Аларга үй куруу үчүн жер бөлүнүп берилди. Мамлекет тарабынын 5 үйдүн курулушу башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрация тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2 үйдүн курулушу башталды. Селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө өкмөттөн 1 млн сомдон акча бөлүндү. Капиталдык ремонтко муктаж үй-бүлөлөргө 500 миң сом, короо жайын каптагандарга 100 миң сомдон берилди», — дейт ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районундагы бир катар айылдарда жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөнүн жазган.

2024-жылдын 18-августунда саат 21:20 чамасында кокту колоттордон түшкөн сел суулары Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарын каптаган.

Пример HTML-страницы

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 18-августундаты Nº195 «Ысык-Көл районунун аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө» тескемеси кабыл алынган.

Ысык-Көл районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМден жалпы 80 куткаруучу, 3 мотопомпа, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана жарандык коргонуу кызматтарынан 40 адам, жергиликтүү тургундардан 200 адам, ӨКМден КДМБнан 100 куткаруучу 3 атайын техникалары менен тартылган.

Сел жүргөн аймактар:

Сел суулары Булан-Сөгөттү айылындагы турак үйлөрдү жана «Аврора», «Аврора+», «Нептун» эс алуу жайларын каптаган. Турак үйлөрдүн саны такталууда. Nº7 ЖТМден 1 грейдер тартылып, жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Корумду айылындагы турак үйлөрдү, «Нептун», «Семирам» эс алуу жайларын сел каптаган. Садыр-Аке айыл өкмөтү тарабынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Турак үйлөрдүн саны такталууда.

Ысык-Көл районунун Темир айылындагы болжол менен 300 турак үйдү сел каптаган. Селден улам ири таштар турак үйлөргө чейин агып келип, кесепетин тийгизген.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү селдин кесепеттерин жоюуга райондун бардык кызматтары тартылып, Жети-Өгүз, Түп райондорунан да техникалар жөнөтүлгөнүн, жергиликтүк бийлик тарабынан кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүлүп жатканын маалымдаган.

Ысык-Көл облусунда селден улам бир катар жолдордо унаа кыймылы токтотулган.

Ошондой эле Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Мындан сырткары, Аксай айылына кокту-колоттордон суу түшкөн. Селдин кесепетинен айрым унаалар жолдон өтө албай калган.

Тоолуу капчыгайларда нөшөрлүү жаан жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. Садыр Аке айыл аймагы башка айылдарга салыштырмалуу көп жабыр тартты. Сел 497 турак үйдү, 5 социалдык объектти (3 ФАП, бала бакча, китепкана), 5 пансионатты, 9,7 гектар айыл чарба жерлерди сел каптады. 2 көпүрө авариялык абалда деп табылды, 6 автунаа жабыркады, 2 жылкы, 1 бодо мал, 10 майда жандыктар өлдү.

Корумду айылында 300 турак үйдү суу каптаган. Анын ичинен 1 үй авариялык абалда, 1 ФАП, 2 пансионат, 2 көпүрө бузулуп, 7,2 гектар айдоо жерин суу каптап, 2 жылкы мүрт кетти.

Темир айылында 150 турак үйдү суу каптап, анын ичинен 2 үй авариялык абалга келип, 1 бодо мал, 2 майда жандыктар өлдү.

Кашат айылында 33 турак үйдү, 1 ФАПты, 1 мектепти, 1 бала бакчаны, 2,1 га айдоо аянтын суу каптады.

Булан-Сөгөттү айылында 13 турак үйдү суу каптады. Анын ичинде 1 үй авариялык абалга келип, 1 ФАП, 3 пансионат, 0,4 га айдоо аянты, 8 баш майда мал өлдү.

Селдин кесепеттерин жоюуга 927 адам (382 куткаруучу, 535 жарандык коргонуу кызматы), 66 атайын техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

23-августка чейин 276 турак үй селден тазаланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова («Альянс» фракциясы) Turmush басылмасына берген маегинде сел жүрүп жатканда Темир айылында болгонун айткан.

Молдобекованын жолдошу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Мирбек Асанакунов Темировка айылынан болот.

Молдобекованын айтымында, бардыгы саат 23:30дан 00:00гө чейинки аралыкта башталган.

«Сел башталганда айылда болчумун. 4 күндөн бери бул жердебиз, кесепеттерди жоюуга жардам берип жатабыз. Сел катуу болгон, кырдаал өтө оор. Көп таштарды агызып келди. Селдин кесепетин күнү-түнү жоюуга аракет кылып жатабыз. Техникалар көп. 22-августка карата ички чарбалык жолдор тазаланып ачылды. Бирок алдыда жасалчу иштер көп», — деген ал.

Жогорку Кеңештин депутаты билдиргендей, Ысык-Көлдөгү дээрлик ар бир үйдүн жертөлөсү бар. Анда тургундар алма, малина жана башка айыл чарба продукцияларын сакташкан.

«Азыр айылдын [Темировка айылы] үстүңкү зонасын жууп кетти. Ар бир үйдүн жертөлөлөрүн суу каптап, ным болуп калды», — деген ал.

Жаан катуу жаагандыгын жергиликтүү тургун Калыбек Муктазаров билдирген.

«Жамгыр чындап катуу болду. Баары саат 22:00дөр чамасында башталды, суунун агымы ушунчалык катуу… Жолундагылардын баарын жууп кетти. Мындай масштаб мурда эч качан болгон эмес. Эсимде, 1986-жылы катуу сел жүргөн, бирок ошондо да анчалык масштабдуу эмес болчу. Андан соң жашоочулар өздөрү баарын калыбына келтиришти.Мен азыр абдан карып калдым, бирок мындайды мурда көргөн эмесмин», — деген ал.

Темир айылы жайкысын туристтик жай эмес. Тургундар жемиш бактарын — алмурут, алма өстүрүү менен акча табышат. Андан кийин түшүм кыш келиши менен кымбатыраак сатуу үчүн жер төлөлөргө сакталат. Темировка айылынын тургундарынын дээрлик 90 пайызынын жертөлөлөрү бар. Алардын баарын суу каптап кеткен. Бир жертөлөнү тазалоого эки күн кетет.

18-августтан бери 5 күн өттү. Айыл тургундары жер төлөлөрдөн сасык жыт чыгып, ал жактагылардын баары чирип жатканын айтышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️