Ысык-көлдүк мугалим А.Акматалиева окуучусу ага эт, нан алып келгенин унутпайт

TurmushТоң районунун Кара-Талаа айылынын 53 жаштагы тургуну Айдай Акматалиеванын эсинен окуучусу эт, нан алып келгени кетпейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Тоң районуна караштуу Оттук айылында төрөлгөн. Пржевальск педагогикалык окуу жайын 1987-жылы бүтүргөндөн кийин Кыргыз билим берүү академиясын аяктаган. Учурда Тоңдун Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков атындагы мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенүүдө.

«Бул кесип бала чагымдагы сүйгөн кесибим болгон. Апам мугалим. 1-классымдагы Бермет эжейим да мугалим болуп калышыма түрткү болгон. Өзүмдүн 2 келиним дагы мугалим.

Эмгек жолум 1987-жылы Кара-Шаар айылында башталгыч класстарды окутуудан башталган. 1988-жылдан баштап 1997-жылга чейин бала бакчада башчы болуп иштегем. 1997-жылдан баштап Б.Алаков мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. Жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымымды баалашып, мектептен, айыл өкмөттөн, борбордук профсоюз комитетинен ардак грамота менен сыйландым. Айылдык шайлоо участогунун төрайымы болуп иш алып барам. Окуучулар менен элдик педагогиканын негизинде иш алып барам. «Окуу керемет» долбоору менен иштеп жатам. Инновациялык методду колдонобуз.

Кызыктуу окуялар көп эле болот. Бир окуучум мага үйүнөн эт, нан алып келип, «конок тосконбуз, ооз тийип коюңуз» деп бергени эсимде. Ошондо мени дагы ойлогон окуучум бар экен деп аябай сүйүнүп калгам. Азыркы балдар ойноок, эч коркушпайт. Кабыл алуусу күчтүү балдар да бар. Алдыда балдарга татыктуу тарбия берүү менен билим сапатын өнүктүрүүнү жана Билим берүү министрлигинин ардак грамотасына жетишүүнү көздөп жатам», — деди ал.

Мугалим айым 4 баланын, 3 неберенин апасы.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️