Turmush — Ысык-Көл облусундагы Бостери айылынын 36 жаштагы тургуну Бекзат Төлөмканов менен иниси 31 жаштагы Адилет Асанов кулпунай өстүрүп акча табышууда. Алар менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Бекзат Төлөмканов Бостери айылында төрөлгөн. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүп, инженердик кесиптин ээси болгон. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 3 кыздын атасы.
«Бостери суу муниципалдык ишканасында 8 жыл иштедим. Социалдык тармактардан кулпунай өстүргөндөрдү көрүп, өстүрүп көрүү идеясы пайда болгон. Быйыл 2 жылдан бери пландап жүргөн оюмду ишке ашырдым.
Кулпунайга кылдаттык менен кам көрүү керек экен. Кичинекей баладай караш керек. Бир күнү жалбырагы саргарып же дагы башка нерселер болушу мүмкүн. Аларды болтурбоо үчүн витаминдерин убагында берип, сугарып, ыңгайлуу шарт түзүп бериш керек.
Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыктары бар болот эмеспи. Анысы сыңардай бир аз кыйналдык. Баасы былтыркыга салыштырмалуу быйыл арзан болду деп жатышат. Орточо баасы 200-220 сом болуп жатты. Биз жак курорттук зона болгондуктан кулпунай сатуу аябай жакшы экен. Киши көп болуп, аябай жакшы сата алдык. Ошондой эле өзүбүздүн үлүш жерибизге карагат, кулпунай өстүрдүк», — деди Бекзат Төлөмканов.
Иниси Адилет Асанов борбордо жайгашкан кондитердик лицейди окуп бүткөн. Үй-бүлөлүү, 2 кызы бар.
«Өз кесибим менен болгону 2 жыл иштедим. Андан башка көп жерлерде иштеп жүрүп, акырында Бостери айыл өкмөтүндө 5 жыл иштедим. Анан баары кымбаттаганына анан калса жумушубуздун айлык акысы аз болгонуна байланыштуу айыл өкмөттөн чыгууга туура келди. Ошентип байкем экөөбүз ойлонуп, иш баштоону чечтик.
Кулпунайды өстүрүүнү бизге эч ким үйрөткөн жок. Мурда тигип жүргөн байкелерден барып сурап, ошолордон үйрөндүк. Жумушу абдан көп десем жаңылышпайм. Анткени ар бир көчөттү бирден карайсың.
30 сотых жерге 18 миң плёнка, тамчылатуучу шланг менен көчөт отургузганбыз. Көчөттөрдү Түркиядан Альбион деген сортуна буйрутма берип алдырдык. Ошондо ар бир көчөт 18 сомдон айланды. Быйыл түшүм жакшы эле болду. Жайкысын сезон болгондо 400 сомго чейин сатып жаттык. Азыр суук болуп, сезон бүттү.
Азыр өзүбүз жеке ишкерлик ачканбыз. Үйдөн табигый шире жасап, элдин алмаларын, алмуруттарын сыгып беребиз. Буудай, арпа, жүгөрү, улпак, кочкор туз сатабыз. Майдалагыч (дробилка) менен жем жарабыз. Буйруса ун, май дагы көптөгөн нерселерди акырындан кошуп жатабыз. Бул иштерди байкем экөөбүз баштаганбыз. Кээде түнкү 12лерге чейин иштегенге туура келет», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.