Ысык-көлдүк 13 жаштагы Айгүл Мурзабекова жыгачты күйгүзүү жолу менен сүрөт тартып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Григорьевка айылынын 13 жаштагы тургуну Айгүл Мурзабекова сүрөт тартып, ар кандай көргөзмөлөргө катышып келет. Жаш өнөр ээси менен аймактык кабарчы маек курду.

Айгүл Мурзабекова бала кезинен ар кандай сүрөттөрдү тартат. Учурда аниме тартууга кызыгууда.

«Жаныбарларды жана анимедеги каармандарды тартууну жактырам. Негизи жаныбарларды абдан жакшы көрөм.

Агайым Айбек Таалайбеков жыгач бетине күйгүзүү жолу менен сүрөт тартууну үйрөтүп жатат. 11 жашыман тарта агайдан билим алып келем. Сабактан тышкары сүрөт ийримине досторум менен барып тартабыз. Анда агай, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды, өлкөнүн символикаларын тартып берет. Биз күйгүзүп, үйрөнүп жатабыз. Жакшы үйрөнүп, жакында толук өзүбүз тартып калабыз деп ишенем» — дейт ал.

Жыгачка сүрөт тартуунун өзүнүн эрежелери бар.

«Биринчи панону даярдайбыз. Андан кийин сүрөт тартып, аны кесип трафарет кылабыз. Андан кийин трафаретти паного коюп күйгүзүп, иштей баштайбыз. Бир сүрөттү тартууга 1-4 саатка чейин убакыт кетет.

Пример HTML-страницы

Сүрөт тартууда тартылган сүрөттөрдү карап же сүрөттү элестетип тартам. Тартып бүткөндө сүрөтүм кандай болоорун алдын ала элестетем.

Бир тууган агам мурда сүрөт жакшы тартчу. Аны көрүп, мен да сүрөт тартууга кызыгып калгам. Азыр агам 30 жашта. Ал жумушу менен алектенип, сүрөт көп тартпай калды», — дейт сүрөтчү.

Учурда айылдагы А.С.Пушкин орто мектебинде 7-класста билим алат. Үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Келечекте чоң окуу жайга тапшырып, чыгармалыкты да алып кетсем деп кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️