Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк үй-бүлө картошкадан баш тартып, кулпунай өстүрүүдө. Алар 5 млн сом сарптады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургуну Эркин Амандыков картошкадан баш тартып, кулпунай өстүрүп жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде эмне себептен картошка айдабай калганын айтып берди.

Эркин Амандыков 5 млн сом сарптап, 2 гектар жерге кулпунай өстүрдү.

«Буга чейин картошка айдап келгем. Акыркы жылдары актабай калды. Анан үй-бүлөм менен кеңешип, 2023-жылы 1 гектарга кулпунай отургуздук. Бул жерде экспортко жарачу 5 түр кулпунай бар. Алардын арасында клери, альба, априка, скала сорттору бар. Бул жылы көчөт алып, дагы бир гектар жерге көбөйттүм. Жалпы эки гектар жерге 5 млн сом кетти. Каражат көчөт алып, жерин дайындап, тамчылатып сугарып, бассейн казууга жана суу сордурууга насос алууга жумшалды. Ошондой эле элди да жалдап иштетебиз», — дейт ал.

Дыйкан картошка менен кулпунай өстүрүүнүн айырмачылыгына токтолду.

«Көп жыл картошка айдадык. Баа жакшы кезе ал да жакшы болгон. Акыркы жылдары кеткен чыгымды актабай калды. Мен өзүм картошка алып, Бишкекке да сатып жүрдүм. Аларман жок, кыйналган күндөр болду. Картошка менен кулпунайды салыштырсак, картошка эки орулуп, эки сугарылат. Ал эми кулпунайдын кирешеси жакшы болгону менен ошончо эмгекти талап кылат. Бош күн жок, бир күнү мурутун кессек, эртеси витаминдерин берип, анан сугарып, отоп туруш керек. Жай айы күнүгө сурагуу керек.

Төрт балабыз бар. Жубайым, балдарым болуп иштеп жатабыз. Түшүмүн терүү учурунда кошумча айылдан кыз-келиндерди жалдайбыз. Мен айдаган кулпунайдын бир түбү 1 килограмм түшүм берет. Ошондо эки гектарда 100 000 түп кулпунай бар. Андан 100 миң тонна кулпунай бериши керек. Азыр жаңы айдалды да, бул жылга 50 тонна кулпунай болот деп болжоп жатам», — деди дыйкан.

Анын айтымында, тоолуу аймакта кулпунай өстүрүүдө өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек.

«Ак-Суу району тоолуу район. Үшүктөн сактануу керек. Ал үчүн аба ырайын карап, сууктаса жабабыз. Эң негизгиси бизде салкын болуп, кулпунай кечирээк бышат экен. Өткөндө Чүйдө жана башка райондордо кулпунай массалык бышып, килограммы 130 сом болуп калды. Бизде эми бышып баштады. Азыр 230-240 сомдон өткөрүп жатабыз. Эми башка райондордо кулпунай бышканда биздики эс алып гүлдөйт. Ушул жагынан бизде утуш болуп жатат десем болот. Башында «тоолуу аймакта түшүм кандай болот?» деп жатышкан. Азыр түшүм жакшы. Кулпунай өрүктөн чоң байлап жатат. Базар шартына да учурунда бышып жатат. Алдыда көчөттөрдү көбөйтүп, элди көчөт менен камсыз кылайын деген тилегим бар», — дейт Эрик Амандыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE