Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусу боюнча эң чоң салмактагы кочкор көрсөтүлдү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-сентябрда Каракол шаарында «Арашан» асыл тукум койлорунун көргөзмөсү өтүп жатат, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анда койлордун 10 номинациясы боюнча сынак өтүүдө:

Алты айга чейинки козулар (эркек, ургаачы);

Бир жашка чейинки козулар (эркек уургачы);

Эки тиш козулар (эркек, ургаачы);

Төрт тиш кой-кочкорлор (эркек, ургаачы);

Абсолюттук салмактагы жана боюнун бийиктиги боюнча кой-кочкорлор (эркек, уургачы).

Кой-кочкорлор сыны, бою жана салмагы боюнча күч сынашууда. Ага Ысык-Көл облусунун ар кайсы райондорунан 200дөн ашык кой-кочкорлор алынып келген.

«Сынактын максаты — асыл тукум мал багууну жайылтуу. “Арашан” койлорунун башка койлордон айырмасы сулуу келип, бою бийик болуп, салмагы менен өзгөчөлөнүп турат. Мен акыркы 6 жылдан бери асыл тукум малдарды багып келем. Мекендештердин баарын асыл тукум мал багууга чакырам», – дейт уюштуруучулардын бири Азамат Талипов.

Абсолюттук салмактагы жана боюнун бийиктиги боюнча категорияда Түп районунун Тасма айылынын тургуну Алмаз Дүйшөбаевдин 2 жаш 5 айлык кочкору эң жогорку салмакты — 180,5 килограммды көрсөтүп, Ысык-Көлдүн эң оор кочкору деп табылды.

«Башка сынактарга катыша элек. Биринчи жолу чыгып, баш байгени уттук. Каймана атын да кое элекмин. Салмагы 180,5 кг, бою 1 метр 3 см болду», – деди ал.

Ушул эле номинацияда бою эң бийик кочкорлор арасында Ак-Суу районунун Бурма- Суу айылынын тургуну Орозбек Сакиевдин «Дубайсан» кочкору (1 метр 5 см) баш байгени утту.

«3 жашынан бери багабыз. Учурда 4 жарым жашта. Салмагы 157 кг болду», – деди ал.

Көргөзмөгө келген фермерлердин айтымында, «Арашан» кой-кочкорлордун баасы 1000 доллардан жогору бааланат.

«Арашан» асыл тукум койлорунун көргөзмөсү Каракол шаарында 5-жолу өтүп жатат.

————————

Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы