Пример HTML-страницы

Ысык-Көл милициясына коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча семинар өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКоррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мониторинг жүргүзүү жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле ИИМдин коллегиясынын чечимин аткаруу максатында, Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын, академиянын, кадрлар башкы башкармалыгынын жана ЖКККБнын өкүлдөрү, Ысык-Көл облустук милициясынын өздүк курамы үчүн семинар өткөрүлдү.

Анда коррупция түшүнүгү, анын себептери жана кесепеттери жөнүндө кеӊири айтып беришти. Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын биринчи башкармалыгынын башчысы Э.Абдылдаев өз сөзүндө семинардын негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү, мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү болуп саналарын белгиледи.

https://accounts.binance.me/ru/register?ref=556102233

Өз сөзүн ИИМдин академиясындагы кафедранын башчысы Ч.Кадырова коррупция түшүнүгүнүн тарыхына кыскача экскурсия менен баштады. Андан кийин, өзүнүн маалыматын милиция кызматкерлеринин кызыгуусун жараткан ачык мисалдар жана фактылар менен улантты. Милиция кызматкерлери туш болушу мүмкүн ар кандай критерийлер боюнча бардык мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдү деталдуу түшүндүрүп классификациялады. Семинардын катышуучуларына кызыкчылыктардын кагылышы пайда болгон типтүү кырдаалдарды жана аны кантип алдын алуу, же чечүү керектигин кеӊири талдап берди. Семинардын аягында министрликтин өкүлдөрү, иш чаранын катышуучуларынын бардык кызыктырган суроолоруна кеңири жооп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы
Admin
Оцените автора
KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы