Ысык-Атада төкмө акын Ашыраалы Айталиевди эскерүү кечеси өттү

TurmushЫсык-Ата районунун Туз айылында төкмө акын Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, анда Ашыраалы Айталиев атындагы орто мектептин окуучулары, мугалимдери тарабынан даярдалган акындын чыгармачылыгы тууралуу чакан сахналаштырылган оюндар көрсөтүлүп, концерттик программа көрсөтүлдү. Иш-чарага Ашыралы Айталиевдин шакирттери, төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Шекербек Адылов, Азамат Болгонбаев, Максат Кулуев, Асылбек Маратов, композитор Кадыралы Артыков, жергиликтүү жетекчилер, Ашыраалы Айталиевдин уулу Мыктыбек Бөлөкбаев үй-бүлөсү менен катышты.

Ашыраалы Айталиев «Кыргыз эл артисти», III даражадагы «Манас» орденинин ээси, КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️