Пример HTML-страницы

Ысык-Атада СССРдин эл артисти А.Жумахматовдун эстелиги орнотулуп, музейи ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Атада СССРдин эл артисти, дирижер Асанхан Жумахматовдун эстелиги орнотулуп, музейи ачылды.

Музейдин ачылышына КР эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев, КР эл артисти Дарика Жалгасынова, А.Жумахматов атындагы Чүй облустук камералык оркестринин жетекчиси Болот Осмонов, маданият министрлигинин бөлүм башчысы Ринат Бакеев, Асанхан Жумахматов жакындары, айыл аксакалдары катышты.

Музей А.Жумахматов атындагы айылдык маданият үйүнүн алдында ачылды.

Асанхан Жумахматовдун музейиндеги архивдик сүрөттөрү менен анын бир тууган инисинин кызы Муратканова Максат Мелисовна бөлүштү.

«Мен Нурманбет айыл аймагына караштуу А.Жумахматов атындагы айылдык маданият үйүнүн башчысы болом. Былтыр 100 жылдыгына карата ушул маданият үйүнө ысымы ыйгарылган. Ал эми музейин былтыр ачууга даярдаганбыз. Бирок, белгилүү себептерден улам ачылбай калган», — деди ал.

Асанхан Жумахматов 16.06.1923-жылы Ысык-Ата районунда туулган, 21.07.2008-жылы каза болгон. Кыргыз Республикасынын баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мюнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги.

Дирижер дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50гө чукул опера жана балеттин музыкасын оркестирлештирген.

Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1-даражадагы жана «Кызыл жылдыз» ордендери, «Германияны жеңгендиги үчүн», «Сталинградды коргоогону үчүн» медалдары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE