Пример HTML-страницы

Ысык-Атада дан эгиндери менен кант кызылчасы кандай түшүм берди?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, район боюнча 20 миң 175 гектар аянтка дан эгиндери айдалган. Анын ичинен 10 миң 750 гектарга арпа, 975 гектарга буудай эгилген.

Эгин жыйноодо орто эсеп менен гектарынан 21,7 центнерден түшүм алынса, эӊ түшүмдүүлүгү 30 центнерден алынды.

Былтыркы жылы 22949 гектар жерге дан эгиндери айдалып, орто эсеп менен гектарына 29 центнерден түшүм алышкан.

Быйылкы жылы кылкандуу дан эгиндери Ак-Кудук, Сын-Таш, Красно-Речка айыл аймактарында көп айдалды. Ал эми калган айылдарда азыраак үлүштө эгилген.

Ал эми кант кызылчасынын аянты 3461 гектар болсо, былтыр бул көрсөткүч 2074 гектарды түзгөн. Быйылкы жылы кант кызылчасын кабыл алуу 10-сентябрда башталды.

Айыл чарба башкармалыгынан билдиришкендей, быйыл Ысык-Ата районунун дыйкандары «Айыл чарбаны каржылоо-11» программасынын алкагында 63 миллион 910 миң сом өлчөмүндө насыя алышкан. Ал насыяны райондогу 146 фермер алган.

Ысык-Ата району боюнча 63 миң гектар айдоо аянты болсо, анын 49 миң гектары сугат айдоолору, калганы жаан-чачын менен өстүрө турган жерлер.

Дан эгиндери жыйноо аяктаганы менен картошка, жашылча, коон-дарбызды жыйноо улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы