Видео — Тоңдун Кажы-Сай айылында сел жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Сай айылында сел жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, сел Балыкчы—Бѳкѳнбаев—Каракол унаа жолунун 98-102-106-чакырымдарын аралыгын каптап, унаа жолго кум жана ылай түшкөн. Жерине ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Муну менен катар «КЖК» жол куруу ишканасынан 2 жүктѳгүч, 1 грейдер тартылып, жол тазалоо иштери жүргүзүлүп, эки тараптуу ачылган.

Тоң райондук жарандык коргоо комиссиясы Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Кажи-Сай айылынын селден кесепеттерин тактоо иштерин жүргүзүп, тѳмѳнкүлөрдү аныктады.

Нѳшѳрлѳгѳн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суу сайга чогулуп, Кажи-Сай айылынын Стандартный, Баетов, Жанболотов кѳчѳлѳрүнѳн сел суулары каптап ѳтүп, кайра сайга түшкѳн. Анын кесепетинен сел ѳтүүчү каналга жакын жайгашкан 1 турак үйдүн короо тосмолору жана ички чарбалык 2 кѳпүрѳ ураган. Мындан сырткары, турак үйлѳрдүн короолорун каптап, сел суулары сиңип кеткен турак үйлѳргѳ зыян келтирилген эмес.

Пример HTML-страницы

Жолду калыбына келтирүү иштери жергиликтүү бийлике милдеттендирилген. Жерине Күн-Чыгыш айыл ѳкмѳтүнөн 1 даана погрузчик тартылып, жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️